Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-августу № 186
1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директоруна депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |