МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 186 «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы

Редакция01.08.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 1-августу № 186

 

1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

 

1-берене.

1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директоруна депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган