МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция10.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 10-июлу № 139

 

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене.

1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:

- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;

- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;

- кофе үчүн пластик капсулалар;

- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.

2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене.

Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат.

6-берене.

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;

- соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 4-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган