Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 6-августу № 672-т
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын ишке ашыруу, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Пикир" маалымат системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, башка мамлекеттик органдары, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү (Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан тышкары), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл уюштуруу чараларын көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |