Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 672-т тескемесине) |
"Пикир" маалымат системасы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Пикир" маалымат системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Пикир" маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле маалымат системасын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. "Пикир" маалымат системасы (мындан ары - "Пикир" МС) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан жана атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана ишканаларынын, муниципалдык мекемелеринин жана ишканаларынын жана башка мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ишин арыз ээлеринин кайра байланышы аркылуу баалоо үчүн арналган.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) колдонуучу - белгиленген тартипте каттоодон же авторлоштуруудан өткөн, "Пикир" МСте баа/пикир калтырган жеке жак/арыз ээси;
2) баа/пикир - мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин/кызмат көрсөтүүсүнүн/башка ишинин сапаты жөнүндө бааны/пикирди жана/же комментарийди камтыган колдонуучу тарабынан берилүүчү маалымат;
3) модерациялоо - колдонуучу тарабынан берилген маалыматтын чындыкка дал келүүсүн жана ушул Жободо белгиленген баа/пикир калтыруу тартибине шайкештигин текшерүү процесси;
4) техникалык оператор - "Пикир" МСтин ээси тарабынан ыйгарым укук берилген "Пикир" МСти администрациялоочу, модернизациялоочу жана техникалык коштоочу юридикалык жак;
5) модерациялоо оператору - бааны/пикирди модерациялоо максатында ээси тарабынан "Пикир" МСтин системасына жетүү мүмкүнчүлүгү ачылган жана берилген мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызматкери;
6) ээси - "Пикир" МСтин иштешине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана контролдоону ишке ашыруучу электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
7) QR-код - "Пикир" МСтин функционалына кирүү үчүн колдонуучу сканерлеген сайтка шилтемени камтыган графикалык код.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
4. "Пикир" МСтин негизги максаттары:
1) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу;
2) колдонуучулардан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларынын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
3) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине колдонуучулардын лоялдуулук жана канааттануу деңгээлин алардын пикирлерин, сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуунун эсебинен жогорулатуу;
4) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдонуучулардын сын пикирлерине жана сунуштарына ыкчам жооп кайтаруу механизмин түзүү;
5) колдонуучулардын бааларын/пикирлерин талдоонун негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын ишке ашыруунун сапатын жакшыртуу.
5. "Пикир" МСтин негизги милдеттери:
1) колдонуучулар жана башка кызыкдар тараптар менен кайра байланыш аркылуу мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо процессин жөнгө салуу;
2) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кемчиликтерди талдоо, аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
6. "Пикир" МС төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине колдонуучулар тарабынан алардын иши жөнүндө баалоо/пикир калтыруу жолу менен баалоо жүргүзүүнү;
2) пикирде көрсөтүлгөн маселелер боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо же позициясын түшүндүрүү максатында колдонуучулар тарабынан мурда калтырылган пикирге мамлекеттик органдан жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жооп же комментарий алуу мүмкүнчүлүгүн;
3) пикирдин аныктыгын жана тууралыгын камсыздоо үчүн модерациялоодон өткөндөн кийин пикирлерди жарыялоону;
4) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону;
5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу максатында пикирлерди чогултууну жана талдоону;
6) мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларга ыкчам жооп кайтаруу үчүн келип түшкөн пикирлерге жана бааларга реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү.
7. "Пикир" МС мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт.
8. Мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо колдонуучу тарабынан "Пикир" МСте пикир калтыруу жана/же беш баллдык шкала боюнча 1ден 5ке чейин баа коюу аркылуу жүргүзүлөт, мында:
1 - өтө канааттандырарлык эмес;
2 - канааттандырарлык эмес;
3 - канааттандырарлык;
4 - жакшы;
5 - мыкты.
3-глава. "Пикир" МСтин катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
9. "Пикир" МСтин катышуучулары болуп колдонуучу, техникалык оператор, модерациялоо оператору жана ээси саналат.
10. Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле алардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты, башка функцияларды ишке ашыруу жөнүндө баа/пикир калтырууга;
2) мурда берилген пикирге мамлекеттик органдан жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жоопторду же комментарийлерди алууга;
3) техникалык колдоо үчүн техникалык операторго кайрылууга.
11. Колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баа/пикир калтыруунун ушул Жободо белгиленген тартибин сактоого;
2) баа/пикир калтырууда анык маалымат берүүгө;
3) пикир калтырууда коркутууларды, жалаа жабууну, адепсиз маалыматты камтыган, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, ошондой эле расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга багытталган, укукка каршы аракеттерди жасоого чакырган маалыматтарды колдонбоого, алар үчүн колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Техникалык оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) техникалык иштерди жүргүзүү учурларынан тышкары, "Пикир" МСтин катышуучуларына системанын функционалына үзгүлтүксүз жетүүнү камсыз кылууга;
2) жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Пикир" МСтин катышуучуларынын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылууга;
3) "Пикир" МСтин ишине мониторинг жүргүзүүгө жана алар пайда болгон учурда техникалык бузулууларды ыкчам жоюуга;
4) зарылдыгына жараша "Пикир" МСтин функционалын жаңыртууга жана жакшыртууга.
13. Техникалык оператор колдонуучулар калтырган пикирлердин мазмуну үчүн жооп бербейт.
14. Модерациялоо оператору баа/пикирлерди ушул Жобого шайкештигин текшерүү максатында модерациялоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
15. Колдонуучулардын пикирлери жана кайрылуулары кызмат көрсөтүүлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка функцияларын аткаруу сапатына мониторинг жүргүзүү куралы катары кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу менен модерациялоо оператору тарабынан каралууга тийиш.
16. Модерациялоо оператору ушул Жободо каралган өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, атап айтканда:
1) модерациялоо мөөнөттөрүн бузуу;
2) ушул Жободо каралбаган негиздер боюнча баа/пикирди кароодон баш тартуу;
3) ушул Жободо көрсөтүлгөн модерациялоо жол-жобосунун талаптарын аткарбоо.
17. Ээси модерациялоо операторлорунун ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат.
18. Ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Пикир" МСтин иштөө жана өнүктүрүү саясатын аныктоого;
2) "Пикир" МСтин иш регламентин бекитүүгө;
3) "Пикир" МСтин техникалык операторун аныктоого;
4) мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "Пикир" МСке кирүү мүмкүндүгүн берүүгө (кирүүгө акысыз негизде уруксат берилет);
5) "Пикир" МСтин колдонуучуларынын, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Пикир" МСтин функционалын өркүндөтүү, өзгөртүү же толуктоо зарылдыгы жөнүндө сунуштары менен кайрылууларын кароого;
6) модерациялоо оператору тарабынан бузуулар аныкталган учурда кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кат жиберүүгө.
19. Ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Жободо белгиленген баалоо/пикир калтыруу жана модерациялоо тартибинин сакталышын контролдоого;
2) "Пикир" МС аркылуу актуалдуу жана толук маалымат берүүнү камсыз кылууга;
3) "Пикир" МС менен иштөө эрежелери боюнча модерациялоо операторлорун окутууга жана консультация берүүгө;
4) техникалык оператордун, модерациялоо операторунун, мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы "Пикир" МСтин иштөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
5) системалык бузулуулар, техникалык үзгүлтүктөр же колдонуучулардын даттануулары аныкталган учурда чара көрүүгө.
4-глава. Пикир калтыруу тартиби жана баалоо критерийлери
18. Пикир калтыруу үчүн колдонуучуга төмөнкүлөр зарыл:
1) мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын аймагында көрүнүктүү жерде жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө;
2) керектүү маалыматтарды (аты-жөнү, туулган датасы, жынысы, электрондук почта дареги, телефон номери) көрсөтүү менен сайтта каттоо же авторлоштуруу жол-жобосунан өтүү;
3) пикир формасын толтуруп, 1ден 5ке чейинки шкала боюнча баа калтыруу;
4) "Пикир" МСте беш баллдык шкала боюнча баа/пикир калтырууда төмөнкү критерийлерди жетекчиликке алуу:
"1" деген баа (өтө канааттандырарлык эмес) коюлат, эгерде:
- мурда берилген арызга же кайрылууга белгиленген мөөнөттө жооп берилбесе;
- мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу арыз ээсинен акча каражаттарын тикелей же кыйыр түрдө опузалоо фактысы болгондо;
"2" деген баа (канааттандырарлык эмес) коюлат, эгерде:
- мурда берилген арызга же кайрылууга белгиленген мөөнөттү бузуу менен жооп берилсе;
- мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери тарабынан кесиптик этиканын ченемдерин бузууга жол берилсе;
- мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери арыз ээсин укукка каршы аракеттерди жасоого түртсө;
- мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери негиздүү себептерсиз (тиешелүү чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган негиздер боюнча) мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине тиешелүү маалыматтарды берүүдөн, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн, жарандардын жана юридикалык жактардын башка негиздүү суроо-талаптарын аткаруудан баш тартса;
"3" деген баа (канааттандырарлык) коюлат, эгерде:
- мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө, аларга жүктөлгөн башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууда ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди суратса;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасынын, колдонуучунун башка суроо-талабынын аткарылышынын кызмат көрсөтүүнүн сапатынын билдирилген стандарттарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка параметрлерине шайкеш келбесе;
"4" деген баа (жакшы) коюлат, эгерде:
- мурда берилген арызга же кайрылууга жооп берилген, бирок толук эмес көлөмдө;
- кызмат көрсөтүү, колдонуучунун башка суроо-талабын кароо процессинде акыркы натыйжага таасир этпеген жана арыз ээсине экинчи жолу кайрылуу зарылдыгын жаратпаган техникалык же административдик так эместиктер табылса;
- пландан тышкаркы техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу электрондук сервистер убактылуу иштебей калса;
"5" деген баа (эң жакшы) коюлат, эгерде:
- мурда берилген арызга же кайрылууга жооп жарандардын кайрылууларын кароо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө толук көлөмдө берилсе;
- мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү, колдонуучунун башка суроо-талабын кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө ишке ашырылса.
21. "Пикир" МСте колдонуучулар калтырган бардык баа/пикирлер модерациялоо оператору тарабынан модерациялоо жол-жобосунан өтөт.
22. Модерациялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Жободо белгиленген баа/пикир калтыруу тартибине шайкештигин, ошондой эле адамдын жана арыз ээсинин укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү коргоо, элди башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган маалыматтардын жоктугун текшерүү;
2) коркутууларды, жалаа жабууну камтыган, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, улуттар аралык, диний жана этностор аралык кастыкты (араздашууну) козуткан, зомбулукка түрткөн, укукка каршы аракеттерди жасоого чакырган маалыматтын жоктугун текшерүү;
3) пикирде камтылган маалыматтын аныктыгын текшерүү.
23. Модерациялоо мөөнөтү баа/пикир келип түшкөн күндөн тартып 7 иш күндү түзөт.
5-глава. Пикирди кароодон баш тартуу үчүн негиздер
24. Модерациялоо оператору пикирди кароонун жыйынтыгы же аны кароодон баш тартуунун себептери жөнүндө колдонуучуга кабарлайт.
25. Эгерде пикир маалыматтык мүнөзгө ээ болсо же ыраазычылык сөздөрүн камтыса, колдонуучуга жооп берилбеши мүмкүн.
26. Колдонуучуга төмөнкү учурларда жооп берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:
1) анык эмес (жалган) маалымат берилсе;
2) пикирде коркутууларды, жалаа жабууну камтыган, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, улуттар аралык, диний жана этностор аралык кастыкты (араздашууну) козуткан, зомбулукка түрткөн, укукка каршы аракеттерди жасоого чакырган маалымат камтылса;
3) пикир ушул Жободо белгиленген калтыруу тартибине ылайык келбесе.