Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 160 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 506
Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди)
Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 606, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 668 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0102 коду менен классификациялануучу ири мүйүздүү малды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0101 коду менен классификациялануучу жылкыларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0104 коду менен классификациялануучу койлорду жана эчкилерди Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
- Кыргыз Республикасы аркылуу транзитти;
- мелдештерге катышуу үчүн спорт жылкыларын;
- чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкыларды;
- мамлекеттик оператор – “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому экспорттоочу, ушул пунктта көрсөтүлгөн тирүү малды;
- аба жолу менен ташып чыгарылуучу жылкыларды.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 606, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 668 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Бул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-августундагы № 63 (3719) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |