Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-июлу № 435
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт
каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17
-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 40-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76. Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайра ташып кетүү жөнүндө милдеттенме менен алты айдан ашык мөөнөткө ташып киргизилген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке алуу алар бажылык тариздөөдөн өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Мында бажы документтеринде көрсөтүлгөн убактылуу жүрүү мөөнөтүнө каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден юридикалык жана жеке жактар тарабынан алты айдан ашык мөөнөткө ташып киргизилген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке алуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) жеке жактар - жүрүүгө жарактуу уруксаттын негизинде;
2) юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүнү ырастоочу документтердин негизинде.
Мында Кыргыз Республикасынын каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери убактылуу эсепке алууну узартуу укугу менен берилет.
Көрсөтүлгөн учурларда чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнө берилүүгө тийиш жана транспорт каражатын кайра ташып кетүү үчүн аны эсептен чыгарууда менчик ээсине кайтарылып берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибинде:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ушул Убактылуу тартипке ылайык легалдаштырылган автотранспорт каражаттары андан ары ээликтен ажыратууга, Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарылууга, ошондой эле башка адамдарга башкаруу укугун өткөрүп берүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр жөнүндө маалымат электрондук маалымат базасына киргизилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |