ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 363 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407»Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июну № 363

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Финансылык ижара - лизингдин негизинде инвестициялардын формаларын өнүктүрүү, инвестициялык процесстин катышуучуларынын укуктарын коргоо, инвестициялоонун натыйжалуулугун, адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 69-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев