Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына (мындан ары – аскер кызматчылары) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары – кызматкерлер) ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги терминдер:
1) ипотекалык кредит – сатып алынуучу турак жайды күрөөгө коюу менен финансы-кредиттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү узак мөөнөттүү кредит;
2) башка маанилүү жагдайлар – запаска бошотуу жана пенсияга укук берүү, Кыргыз Республикасынын судьяларынын же өкүлчүлүктүү органдарынын кызмат орундарына шайлоо же дайындоо менен шартталган жагдайлар;
3) кызмат өтөгөн жылдары – офицердик курамдын адамдарынын, прапорщиктердин жана контракттык кызматтык аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарында кызматта турган жетекчилик жана катардагы курамдын адамдарынын аскердик кызматынын мөөнөтүнүн жыйындысы;
4) командир (башчы) – өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке өзү чечим кабыл алуу укугуна ээ болгон, ишенип берилген бөлүкчөнүн (аскердик бөлүктүн, кошуундун, мекеменин, уюмдун, аймактык органдын) милдеттеринин аткарылышы үчүн, ички тартип үчүн, материалдык каражаттардын абалы жана сакталышы үчүн, техникалык, материалдык, медициналык, финансылык, социалдык-укуктук камсыздоо үчүн жоопкерчилик тарткан кызмат адамы;
5) аскердик бөлүк (мекеме) – коргоо, коопсуздук, жарандык коргоо же укук тартибин коргоо үчүн түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укуктуу жана аларды пайдалануу жана эсепке алуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүкчөсү;
6) аскердик кызмат же укук коргоо органдарындагы кызмат – коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдагы, ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдагы, жарандык коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы кызмат;
7) мамлекеттик турак жай фонду – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда аскер кызматчыларына/кызматкерлерине берүүгө арналган мамлекеттин менчигинде турган турак жайлардын жыйындысы;
8) компенсациялык төлөм – аскер кызматчыларына/кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн төлөнүүчү акча каражаттары.
3. Төмөнкү адамдар компенсациялык төлөмдөрдү алууга укуктуу:
1) кызмат өтөгөн жылдарына карабастан ипотекалык кредиттөө келишимдери боюнча турак жайды менчикке сатып алуу аркылуу мамлекеттин эсебинен турак жайлар менен камсыз кылуу укугун ишке ашырган анык аскердик кызматта, укук коргоо органдарында кызматта турган аскер кызматчылары/кызматкерлер (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын жана аскердик/атайын окуу жайларынын курсанттарын кошпогондо);
2) аскердик кызматтан же укук коргоо органдарындагы кызматтан запаска же отставкага бошотулган жана кызмат өтөө мезгилинде ипотекалык кредиттөө келишимдерин түзгөн төмөнкү жарандар:
– курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, контракттын аякташы, штаттардын кыскарышы, үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча, аскердик кызматтын календардык узактыгы же укук коргоо органдарындагы кызматы 20 жыл жана андан ашык болгон;
– аскердик кызмат өтөгөн же укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн мезгилде алган мертинүүсүнүн (жараат алуусунун, жаракат алуусунун, контузиясынын) же оорусунун кесепетинен майып болуп калган жана ушуга байланыштуу иштен бошотулган, 15 календардык жыл же андан көп кызмат өтөгөн учурда I, II топтогу (кызмат өтөгөн жылдарына карабастан) же III топтогу майыптык алгандар;
3) курман болгон (каза болгон) аскер кызматчысынын/аскер кызматын же укук коргоо органдарында кызмат өтөө мезгилинде ипотекалык кредиттөө келишимин түзгөн, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мурас укугуна кирген кызматкердин үй-бүлө мүчөсү.
4. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөмдү жүзөгө ашыруудан баш тартуу же токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) календардык кызмат өтөгөн жылдары 20 жылдан аз болгон аскер кызматчысын/кызматкерин кызматтан запаска же отставкага бошотуу;
2) аскер кызматчысын/кызматкерин кызматтан запаска же отставкага дискредитациялоочу негиздер боюнча бошотуу;
3) башка мамлекеттин жарандыгын алуу жана ошол мамлекетке пенсиялык эсепке өтүү;
4) ипотекалык кредит боюнча сатылып алынган турак жайды, компенсациялык төлөмдү алуучунун ээликтен ажыратуусу (Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайын кеңейтүү учурларынан тышкары);
5) ипотекалык кредитти толук төлөө;
6) аскер кызматчысынын/кызматкеринин же анын жубайынын/жолдошунун ипотекалык кредит боюнча турак жай алган калктуу пункттун аймагында башка турак жай аянтын сатып алышы (сатып алуу, сатуу келишими) же көрсөтүлгөн адамдарга аталган калктуу пункттун аймагында жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун берилиши;
7) документтерди тапшыруу учуруна чейин акыркы 3 (үч) жылда турак жайларды сатып алуу же ээликтен ажыратуу менен мүнөздөлгөн турак жай шарттарын (мыйзам боюнча мураска ээ болуудан тышкары) жакшыртуу/начарлатууга багытталган аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин, жубайларынын (жана) же алардын жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнүн жарандык-укуктук аракеттеринин фактыларын аныктоо.
5. Негиздерге карабастан, эгерде аскер кызматчысына/кызматкерге мамлекеттик турак жай фондунан турак жай менчикке акысыз берүү тартибинде же түз сатуу жолу менен берилген болсо, компенсациялык төлөм төлөнбөйт.
6. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөм ипотекалык кредиттөөнүн тиешелүү келишимдеринин шарттарында каралган, бирок төмөнкү өлчөмдөрдөн ашпаган ай сайын төлөнүүчү иш жүзүндөгү сумманын өлчөмүндө төлөнөт:
1) Бишкек шаарында суткасына 600 сомдон;
2) региондордо суткасына 500 сомдон.
Аскер кызматчысы (кызматкери) жаңы кызмат ордуна башка регионго которулган учурда компенсациялык төлөмдүн өлчөмү сатылып алынган турак жай жайгашкан регион үчүн белгиленген ченемдердин негизинде аныкталат.
7. Ипотекалык кредиттөө келишимдери боюнча турак жай сатып алуу аркылуу аны камсыз кылуу укугун ишке ашырган аскер кызматчылары/кызматкерлери менен төмөнкүлөргө байланыштуу кийинки укуктук мамилелер токтотулат:
1) мамлекеттик турак жай менен камсыздоо менен;
2) убактылуу турак жайды жалдоо үчүн акчалай компенсация төлөп берүү менен, анын ичинде башка калктуу пункттарга башка кызмат (жумуш) ордуна которулууда.
Мында аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ченемдер боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга укуктары сакталат.
8. Компенсациялык төлөм ипотекалык кредиттөө жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып финансылык камсыздоосунда аскер кызматчысы/кызматкери турган (болгон) мамлекеттик органга бөлүнгөн бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана чегинде жүргүзүлөт, мында компенсациялык төлөмдү дайындоо жөнүндө чечим төмөнкүлөргө карата кабыл алынат:
1) кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына/кызматкерлерине карата – ырастоочу документтерди тиркөө менен белгиленген тартипте берилген билдирменин негизинде аскердик бөлүктүн (мекеменин) командири (башчы) тарабынан;
2) аскердик кызматтан же укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган адамдарга, ошондой эле курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата – тиешелүү кайрылуулардын негизинде аскер кызматчысы/кызматкер кызмат өтөгөн мамлекеттик органдын жетечисинин чечими менен;
Компенсациялык төлөмдү алуу үчүн аскер кызматчысы/кызматкери ипотекалык кредиттөө келишимин түзгөн күндөн тартып 40 календардык күндүн ичинде тиешелүү документтерди берет.
Документтерди берүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү бузулган учурда компенсациялык төлөм тиешелүү документтер берилген күндөн баштап жүзөгө ашырылат.
2-глава. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун тартиби
9. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөм жөнүндө чечим билдирменин негизинде аскердик бөлүктүн командири/башчысы тарабынан кабыл алынат, ага төмөнкүлөр тиркелет:
1) ипотекалык кредиттөө келишиминин көчүрмөсү;
2) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ипотекалык кредиттөө келишиминде көрсөтүлгөн турак жайдын менчигинде болгондугу жөнүндө маалымкаты;
3) үй-бүлө мүчөлөрүнө кыймылсыз мүлккө укуктарды жана жер укуктук мамилелерин каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жеке турак жай куруу үчүн турак жайдын же жер участогунун жоктугу жөнүндө маалымкаттары;
4) мамлекеттин эсебинен, ал эми ар кандай мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн учурларда кызмат өтөгөн бардык мамлекеттик органдардан турак жай менен камсыздалбагандыгы жөнүндө маалымкат;
5) турак жайдын күрөөгө коюлгандыгы жана кредиттик мамилелердин бар экендиги жөнүндө финансы-кредиттик мекемеден маалымкат;
6) аскер кызматчысынын/кызматкеринин үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
Компенсациялык төлөмдү дайындоо жөнүндө билдирмени баштапкы берүүдө документтердин көчүрмөлөрү документтин түп нускасын көрсөтүү менен же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн түрдө берилет.
Аскердик бөлүктүн/мекеменин (бөлүкчөнүн) командиринин/башчысынын чечими төлөмдүн мезгилин жана өлчөмүн көрсөтүү менен тиешелүү буйрук менен таризделет жана ошол эле учурда компенсациялык төлөмдү дайындоо жөнүндө маалымат турак жайды камсыз кылууну уюштуруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүкчөсүнө жөнөтүлөт.
Компенсациялык төлөмдөр аскер кызматчысы/кызматкери финансылык камсыздоосунда турган аскердик бөлүктүн/мекеменин финансылык органы тарабынан аскер кызматчысынын/кызматкеринин (улуттук коопсуздуктун кызматкерлеринен тышкары) банктык реквизиттери боюнча ай сайын которуу жолу менен, андан ары аскер кызматчысы/кызматкери тарабынан ипотекалык кредиттин төлөмдөрүн төлөө жөнүндө квитанциялардын көчүрмөлөрүн берүү менен жүзөгө ашырылат.
10. Аскер кызматчысынын/кызматкеринин компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жөнүндө билдирмеси тиркелген документтер менен Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө катталат.
Эгерде аскер кызматчысына/кызматкерине компенсациялык төлөмдү алуу үчүн ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе, аскердик бөлүктүн командири/мекеменин башчысы билдирме катталган датадан тартып 7 жумуш күндүн ичинде аларды толуктоо үчүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
11. Өлкөнүн коргонуусунун жана мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыгында ишти жүзөгө ашырган бөлүкчөдө аскердик кызматты/кызматты өтөө үчүн жөнөтүлгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөмдү жүргүзүү, аскердик бөлүктүн/мекеменин аларды финансылык камсыздоого алуу жери боюнча финансы органы тарабынан жүргүзүлөт, анда көрсөтүлгөн аскер кызматчылары/кызматкерлери азык-түлүк, кийим-кече жана башка акчалай камсыздоонун түрлөрү менен камсыздалат.
12. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөмдү төлөө аларга компенсациялык төлөмдү токтотуу үчүн негиздер келип чыккан айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, башка мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга иш сапарга жөнөтүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары окууга жөнөтүлгөн, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдү алуу укугу сакталат.
14. Ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдү алуучу, берилген документтердин ишенимдүүлүгү, ошондой эле жаңыланган маалыматтарды же маалыматтын актуалдуулугун жана толуктугун камсыздоочу киргизилген өзгөртүүлөрдү өз убагында берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Колдонуу мөөнөтүнө ээ болгон компенсациялык төлөмдү алуу үчүн ырастоочу документтер, алардын мөөнөтүнүн өтүүсүнө жараша же ар бир календардык жылдын (биринчи айдын) башында жаңыланууга тийиш жана финансы органына берилет.
3-глава. Кызматтан бошотулган жарандарга, кызмат өтөө мезгилинде курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын/кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун тартиби
15. Компенсациялык төлөм укугун сактап калган жана ушул Жобонун 3-пунктунун 2, 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга карата ишке ашырууну дайындоо, баш тартуу же токтотуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктаган органдын чечими менен таризделет.
16. Бошотулган, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчысы/кызматкери финансылык камсыздоодо турган мамлекеттик орган тарабынан түзүмдүк жана ведомстволук бөлүкчө, финансы органы аныкталат, алар мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган органдын чечимдерине жана компенсациялык төлөмдөрдү алуучулардын реестрине ылайык компенсациялык төлөмдөрдүн суммаларын чегерүүнү жана которууну жүзөгө ашырат.
17. Аскердик кызматтан/кызматтан бошотулган жана ипотекалык кредитти төгүү үчүн компенсациялык төлөмдөрдү алуучу жарандарды эсепке алууну жүргүзүү максатында мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу орган тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү алуучулардын реестри алардын өлчөмүн жана төлөө мезгилин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
Реестрге киргизүү жана андан чыгаруу белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдердин негизинде ишке ашырылат.
Актуалдуу маалыматтары бар реестр ар бир айдын аягында же төлөм мезгилине чейин 10 жумуш күнү калганда (макулдашуу боюнча) акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу финансылык органга берилет.
18. Ушул Жобонун 3-пунктунун 2, 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо жөнүндө чечим ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн тиркелүүчү документтерден тышкары, алардын арыздарынын негизинде кабыл алынат:
1) компенсациялык төлөмдүн суммаларын которууну жүзөгө ашыруучу банктык реквизиттер;
2) компенсациялык төлөмдү алуучулардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
3) кызматтан бошотулган жана майыптыгы бар жарандар үчүн – тиешелүү топтогу майыптыгы бар экендиги жөнүндө документ (маалымкат);
4) курман болгон (каза болгон) аскер кызматчысынын/кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн – аскер кызматчысынын (аскердик кызматтан бошотулган жарандын) өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк жана мурастоо укугуна киргендигин ырастоочу документтер.
Ушул Жободо көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер берилбеген учурда төлөө же баш тартуу жөнүндө чечим бардык документтер берилгенден кийин кабыл алынат, бул тууралуу арыз берүүчүгө маалымдалат.
Компенсациялык төлөмдү төлөө/токтотуу же андан баш тартуу жөнүндө чечим документтер келип түшкөндөн кийин 7 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
Компенсациялык төлөмдү төлөө же аны төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 7 жумуш күндүн ичинде тиешелүү кабарлоо жарандарга же алардын өкүлдөрүнө кол коюу менен тапшырылат же аны алуу фактысын аныктоого мүмкүндүк берген башка ыкма менен жөнөтүлөт.
Ошол эле учурда ушул Жобонун пунктчаларында көрсөтүлгөн ар бир жаранга карата чечимдин көчүрмөсү же андан көчүрмө компенсациялык төлөмдөрдү чегерүү жана которуу үчүн жооптуу финансы органына жиберилет.
19. Компенсациялык төлөм өткөн ай үчүн учурдагы айда жүргүзүлөт.
20. Аскер кызматчылары/кызматкерлери компенсациялык төлөмдөрдөн баш тартуу же токтотуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогору турган органга (кызмат адамына) жана (же) көзөмөлдөөчү жана сот органдарына чечимге даттанууга укуктуу.