Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы № 113
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын
27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын
Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 40-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33, 34, 35, 36-главаларын жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Усөновдун маалыматын угуп, ушул эле туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 7-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №105 “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы “Жобо” деген сөз “Устав” деген сөз менен алмаштырылсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |