Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы № 114
Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын
28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын
мэриясы тарабынан ипотекалык шартта
турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө»
Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1.6. пунктунун «к» пунктчасы өзгөртүлүп, «Сатып алуучу-бул Жобонун талаптарына туура келген Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар» деп окулсун;
- 1.6. пунктунун «н» пунктчасы алынып салынсын;
- 4.1. пунктунун 3-пунктчасы өзгөртүлүп, «Сатып алуучу-Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар» деп окулсун;
- 4.2. пунктунун 1-пунктчасы өзгөртүлүп, «1. 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга)» деп окулсун;
- 4.2. пунктунун 4-пунктчасы өзгөртүлүп, «4. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү жок (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү» деп окулсун;
- 4.2. пунктунун 5-пунктчасы өзгөртүлүп, «5. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү» деп окулсун;
- 4.2. пунктунун 6-пунктчасы өзгөртүлүп, «6. Акыркы 36 ай Ош шаарында туруктуу жашаган жана тиешелүү каттоодо турган» деп окулсун;
- 4.3. пунктуна «4.3.1. Эгерде акыркы 1 жылдын ичинде арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган болсо (ажырашса), анда арыз ээсинин арызын жана документтерин кароодо анын ажырашкан жубайынын/жолдошунун кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар же жоктугу жөнүндө маалымат текшерилет жана эске алынат. Эгерде арыз берүүчүнүн ажырашкан жубайынын/жолдошунун ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4 жана/же 5-пунктчаларына ылайык кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар болсо, анда бул арыз берүүчүнүн арызы жана документтери канааттандырууга жатпайт. Бул жаран үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган күндөн тартып 2 жыл өткөндөн кийин кайра арыз менен кайрылуу укугуна ээ болот.» мазмунундагы пункт менен толукталсын. Бул пунктчанын талабы ушул токтомдун күчүнө киргенден кийин берилген жарандардын арыздарына гана күчүн жайылтат;
- 4.5. пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.3. пунктундагы төмөндөгү пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын:
« - эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо)»;
«- турак-жай сатып алууга макулдукту – ипотека боюнча турак-жай алуу үчүн кайрылган жарандардын бардык бойго жеткен үй-бүлө мүчөлөрү жана жубайы/жолдошу нотариалдык күбөлөндүрүү аркылуу беришет»;
- 5.6. пункту өзгөртүлүп, «5.6. Ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет жана бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат» деп окулсун;
- 5.7-5.15, 5.18-5.19. пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.23. пункту өзгөртүлүп, «5.23. Эгерде Комиссия турак-жай берүүдөн баш тартса, жаран тизмеден чыгарылат, бирок кайра кайрылуу укугун жоготпой сактап калат» деп окулсун;
- 5.24-5.25. пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;;
- 6.4. пунктундагы «5 жылдын ичинде» деген сөздөр “36 айда” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6.5. пунктундагы 5 жана 6-пунктчалардын ортосуна төмөнкүдөй редакцияда подпункт кошулсун: «5.1. Чүчү кулак өткөрүү»;
- 6.5. пункту «6.5.1. комиссиянын батир бөлүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин батир алмаштырууга уруксат берилбейт» мазмунундагы пункт менен толукталсын;
- 6.7. пункту өзгөртүлүп, «6.7. Турак-жайга кирүү өткөрүп берүү актысынын негизинде жүзөгө ашырылат. Өткөрүп берүү актысы түзүлгөн учурдан тартып, турак-жай кокусунан жок болушу же кокусунан бузулушу тобокели Сатып алуучуга жүктөлөт» деп окулсун;
- 8.1.1. пункту өзгөртүлүп, «8.1.1. Баштапкы төлөм – турак-жайдын наркынын кеминде 20 пайызын түзөт» деп окулсун;
- 8.1.2. пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8.1.2. Бөлүп төлөө үчүн кошумча төлөм:
Баштапкы төлөм (турак- жайдын баасынан) | Үстөк баанын коэффициенти (калган карыздын өлчөмүнөн) |
20% | 35 % |
30% | 30 % |
40% | 25% |
50% | 20 % |
100% | 10% |
Мисалы: жаран 1 млн сомдук батирди сатып алууну чечти. Эгерде жаран 20% баштапкы төлөм төлөсө, үстөк баа 35% түзөт, бул 280 000 сом. Жыйынтыгында жаран 200 000 сом (баштапкы төлөм катары) + 800 000 сом (калган карыз) + 280 000 сом (узартуу үчүн үстөк баа) = 1 280 000 сом (10 жылда) төлөйт » деп окулсун;
- 8.1.7. пункту күчүн жоготту деп таанылсын;.
- 10.4. пункту өзгөртүлүп төмөнкүдөй окулсун:
«10.4. Келишимде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) өткөрүлүп бериле турган конкреттүү обьектти аныктоо (батир же башка мүлк);
2) келишим баасы, аны төлөөнүн шарттары жана тартиби;
3) келишимди бузгандыгы үчүн санкциялар.».
- 12.3.2. пункту төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:
«- Эгерде Сатып алуучу Сатуучунун жазуу түрүндөгү уруксаты жок батирдин долбооруна салыштырмалуу өзгөртүүлөрдү жасаса. Бул учурда, Сатуучу келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу, ал эми Сатып алуучу батирде жашаган үчүнчү жактар менен бирге көчүрүлөт. Бул учурда, Сатуучу Сатып алуучуга келишимдин бир тараптуу бузулушу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу билдирүү алган күндөн тартып 14 календардык күндөн кийин келишим бузулду деп эсептелет. Сатуучу Сатып алуучу тарабынан төлөнгөн акчанын үстөк баасынын көрсөткүчүнө барабар болгон коэффициенттик өлчөмдөгү бөлүгүн алып калуу менен төлөнгөн акча каражатын кайтарып берет »;
- төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
«13.9. Сатуучу көп батирлүү турак үйдү курууну уюштуруу үчүн көп батирлүү үйдүн сметасында өз ишмердүүлүгүн камсыздоого чыгымдар катары үйдүн өздүк наркынын 2,9% өлчөмүндө акча каражатын сметага кошууга укуктуу ».
2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Ш.Бакир уулу) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С.Назылбеков |