Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-сентябры № 550
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-майындагы № 153 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде аппараттык-программалык комплекстерди колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
1.2-пунктта:
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видео фиксациялоо аппараттык-программалык комплекси - фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражат.";
- жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун белгилүү бир участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жол жабдууларынын, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын болушу, алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, алар айдоочу тарабынан ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатын башкаруу ыкмаларын тандоодо эске алынууга тийиш.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын "Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 15-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле инфраструктуралык объекттерди куруу.";
- 16-пункттун 29-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29) Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле инфраструктуралык объекттерди куруу.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр болуп аныкталсын:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча;
- Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видеофиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча.";
2) 4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынан жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунан төмөнкү кызматтарды бир булактан алуу методу менен сатып алууну жүргүзсүн:
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган транспорт агымы, видеобайкоо маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар жөнүндө комплекстүү маалыматты күнү-түнү, автоматтык түрдө, үзгүлтүксүз берүү боюнча;
- Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана кино тартуу, видеофиксациялоо функциялары бар аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу, монтаждоо, жөндөө, оңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин толук иштеши үчүн зарыл болгон башка инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча.";
3) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына жана "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди тездетип алууга көмөк көрсөтсүн.".
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) өздөрүнүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин талаптарына ылайык келтирсин жана чараларды көрсүн;
2) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасы менен 2024-жылдын 18-сентябрынан тартып ушул токтом күчүнө киргенге чейинки мезгилде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 67 (3723) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |