Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын “15” апрелиндеги № 27 буйругуна тиркеме |
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарын кошо алганда, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун алуу, анын ичинде электрондук документ түрүндө, тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, анын жеке, анын ичинде электрондук документ формасындагы маалыматтарын топтоого жана текшерүүгө жеке маалыматтар субъекттин макулдугун алуу формасына жана жол-жобосуна карата талаптарды белгилейт.
2. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.
3. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Макулдук алуу жол-жобосу
4. Субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жол-жобосун баштоонун алдында жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан аныкталган максаттарда жеке маалыматтар субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу алынышы керек.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алуу үчүн расмий веб-сайтта, тиркемеде же башка санариптик чечимде макулдук формалары жайгаштырылат. Бул формалар маалыматтарды чогултуу кандай санариптик чечим аркылуу жүргүзүлгөнүнө жараша кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектисине өзүнүн жеке маалыматтарын берер алдында аны чогултулуучу маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары, үчүнчү тарапка жеке маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырууга, ошондой эле жеке маалыматтарды башкача пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоого тийиш.
6. Жеке маалыматтар субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарын кимдир-бирөөгө берүү маселесин өзү чечет жана Мыйзамдын 15-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, аларды эркин, аң-сезимдүү түрдө жыйноого жана иштетүүгө, аларды алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү формада берүүгө макулдугун берет.
7. Жеке маалыматтар субъект тарабынан жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу берилет.
8. Маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылуучу шарттарда сакталат.
9. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) иштетилип жаткан маалыматтардын купуялуулугун жана уруксатсыз кирүүдөн, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
10. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун (жана сактоонун) баардык мөөнөтүнүн ичинде жеке маалыматтар субъектисинин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана анын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду аткарууга макулдугун далилдөөгө мүмкүндүк берген маалыматты сактоого милдеттүү, атап айтканда:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтерди алмашуу аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүдө – жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) электрондук кол тамга менен кол коюлган жана ушул Тартипте каралган жеке маалыматтарын иштетүүгө электрондук документ формасындагы жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун камтыган электрондук документ;
2) жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) логинин жана сыр сөзүн колдонуу менен жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) маалыматтык системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алуу жолу менен электрондук форматта маалыматтык өз ара аракеттенүүдө – аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системаны колдонуу фактысы жөнүндө маалыматтар, аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системадагы жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын иш-аракеттеринин протоколу;
3) электрондук документтерди же маалыматтык системаларды колдонбостон субъектинин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууда – жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун берген фактысын тастыктаган, жеке маалыматтарын (жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) берген жактын өз кол тамгасы менен күбөлөндүргөн кагаз түрүндөгү документ.
3. Макулдук формасы
11. Жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу кагаз менен жазуу жүзүндө, же болбосо электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ түрүндө берилүүгө тийиш.
12. Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарын кошо алганда, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу, анын ичинде электрондук документ түрүндө, (мындан ары – субъектинин макулдугу) төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) жеке маалыматтар субъектисинин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) (жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) каалоосу боюнча анын ким экендигин ырастоочу документтин маалыматтары, байланыш маалыматтары);
2) жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун алуучу жана маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) же иштеп чыгуучунун аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;
3) негизге көрсөткүчтөр жана жеке маалыматтарды чогултуунун, колдонуунун, иштеп чыгуунун максаты;
4) иштеп чыгууга жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу берилүүчү жеке маалыматтардын тизмеги;
5) иштеп чыгуучунун аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги (бар болсо);
6) жеке маалыматтарды аткарууга макулдук берилген алар менен болгон иш-аракеттердин тизмеги, анын ичинде жеке маалыматтарды үчүнчү тараптарга берүү мүмкүнчүлүгү, жеке маалыматтарды башкача колдонуу мүмкүндүгү, жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) колдонгон жеке маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмаларынын жалпы баяндамасы;
7) эгерде Мыйзамда башкача белгиленбесе, жеке маалыматтар субъектинин макулдугу колдонула турган мөөнөтү.
Эгерде макулдуктун мөөнөтү ар бир максат үчүн айырмаланса, анда ал ар бир максат үчүн өзүнчө белгилениши керек.
Ар бир иштеп чыгуунун ар бир максаты үчүн өзүнчө макулдук алуу керек.
13. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу ушул Тартиптин тиркемесине ылайык типтүү формада берилет.
14. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максаттарынан башка максаттарда алынган жеке маалыматтардын субъектинин макулдугу ушул Тартиптин жана Мыйзамдын талаптарына ылайык аны алуу фактысын тастыктоого мүмкүндүк берүүчү эркин формада түзүлөт.
15. Жеке маалыматтар субъектинин макулдугу, эгерде жеке маалыматтар массивинин кармоочу (ээси) аны берүү фактысын так ырастай алса, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык алынган болуп эсептелет. Бул үчүн макулдукту фиксациялоонун так алгоритми орнотулушу керек, ал макулдукту алууну, анын ичинде чекбоксто белги түрүндө билдирүүдө же кийин документти түзүү менен кнопканы басууда аны так жазууга мүмкүндүк берет.
4. Макулдук алуу фактысын тастыктоо процедурасы
16. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун алуу фактысын ырастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Бул үчүн жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) төмөнкү механизмдердин бирин же бир нечесин колдонот:
1) макулдук алуу жөнүндө жазууларды жүргүзүү (жеке маалыматтардын массивинин кармоочусу (ээси) макулдуктун фактыларын, аны алуу датасын жана убактысын, ошондой эле макулдуктун мазмунун жазуу журналдарын жүргүзүүгө милдеттүү. Жазуулар электрондук же кагаз түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн);
2) макулдуктарды сактоо үчүн маалыматтык системаларды пайдалануу (жеке маалыматтардын массивинин кармоочусу (ээси) алынган макулдуктар жөнүндө маалыматты каттоону, сактоону жана андан кийин кайра алууну камсыз кылуучу, сакталган маалыматтын өзгөрбөстүгүнө кепилдик берүүчү, санкцияланбаган кирүүдөн коргоону камсыз кылуучу, ошондой эле колдонуучуну идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү автоматташтырылган системаларды пайдалана алат);
3) макулдук берүү жөнүндө күбөлөндүрүүчү субъекттин аракеттерин белгилөөнүн техникалык каражаттарын колдонуу (автоматташтырылган система менен иштөөнүн жүрүшүндө пайдалануучулардын аракеттерин логиндөө колдонулушу мүмкүн);
4) аудит жүргүзүү (жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) бузууларды болтурбоо, жасалмаларды жана ылайык келбестиктерди аныктоо, ошондой эле мыйзамдардын талаптарына шайкештигин контролдоо максатында макулдашууларга, жазууларга жана отчеттуулукка үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт).
Маалыматтарды иштеп чыгуунун жана технологиялык чечимдердин өзгөчөлүктөрүнө жараша жеке маалыматтардын массивинин кармоочусу (ээси) жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген шартта макулдукту эсепке алуунун башка ыкмаларын колдоно алат.
17. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) алынган макулдуктар жөнүндө маалыматты жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттүн ичинде сактоону камсыз кылат. Зарыл болгон учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектинин же жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча макулдук алгандыгын далилдөөгө милдеттүү.
Тиркеме
Жеке маалыматтарды берүүгө жана иштеп чыгууга жеке маалыматтар субъектисинин макулдугунун
ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Мен,______________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты ( бар болгон учурда))
__________________________________________________________________________________ (туулган датасы, ким экендигин ырастоочу идентификациялык номери/ документтин номери)
Байланыш маалыматтары:____________________________________________________________
(телефон номери, электрондук почтасы)
Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык эркин жана аң-сезимдүү түрдө
____________________________________________________________________________
(маалыматтык системанын ээсинин, кармоочунун аталышы, дареги, байланыш маалыматтары)
Макулмун ✔️/ - | Максат | Жеке маалыматтар | Мөөнөт |
| (жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаты) | (иштеп чыгууга макулдук берилген жеке маалыматтардын тизмеси) | (макулдукка берилген мөөнөт) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү Бардык максаттарга жетүү үчүн жалпы макулдук алууга жол берилбейт. Эгерде жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) өз ара байланышпаган бир нече иштетүү максаттарына макулдук алууга кызыкдар болсо, анда ал муну бир документте жасай алат, бирок ар бир максатка өзүнчө макулдук алууга милдеттүү (мисалы, конкреттүү уюмга жеке маалыматтарды берүүгө макулдук, жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүүгө макулдук). Мында субъектке бир максатка макул болуу жана башка (башкалар) менен макул болбоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Эгерде макулдуктун мөөнөтү ар бир максат үчүн айырмаланса, анда ал ар бир максат үчүн белгилениши керек. Макулдуктун мөөнөтү конкреттүү, кабылдоо үчүн жеткиликтүү жана жеке маалыматтардын субъекти үчүн түшүнүктүү болууга тийиш. Макулдуктун мөөнөтү конкреттүү дата, убакыт аралыгы же мындай мөөнөттөрдү аныктоо үчүн пайдаланылуучу критерийлер менен билдирилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы Жеке маалыматтар так жана алдын ала аныкталган жарыяланган жана мыйзамдуу максаттарга чогултулушу керек, бул максаттарга каршы колдонулушу жана мындан ары да ушул максаттарга кандайдыр бир туура келбей турган ыкмалар менен иштеп чыгууга тыюу болбойт. Жеке маалыматтарды топтоо максатын талап кылган мөөнөттөн узак сакталбашы керек, максатын жеткенден же зарылдыгы өткөндөн кийин ал жоюлууга тийиш. |
жеке маалыматтарга карата төмөнкү аракеттерди жасоого макулдук берем:
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________(Макулдук берилген жеке маалыматтар менен иш-аракеттердин тизмеси, жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун колдонулган ыкмаларынын жалпы сыпаттамасы)
Эскертүү Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун колдонулган ыкмаларынын жана болжолдонгон аракеттердин жалпы сыпаттамасы чагылдырылышы керек, атап айтканда: - иштеп чыгуунун ишке ашыруу жолдору – автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же аларды колдонбостон картотекаларды, тизмелерди, маалымат базаларын, журналдарды ж.б. түзүү аркылуу; - жеке маалыматтар менен жасалуучу конкреттүү иш-аракеттер (мисалы, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, өзгөртүү, пайдалануу, ээсиз кылуу, бөгөт коюу, жок кылуу); - жеке маалыматтарды жайылтуу мүмкүн болгон шарттар (эгерде аларды жайылтуу каралган болсо); - жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү болгон учурда – өткөрүп берүү жүргүзүлө турган мамлекеттер, ошондой эле өткөрүүнүн укуктук негиздери; - жеке маалыматтардын коопсуздугун жогорулатуу максатында алардын ээсиздендирүүсүнүн пайдалануу жөнүндө маалымат (ээсиздендирүүнү пайдаланууда). |
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат: ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________(иштеп чыгуучунун аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги (бар болсо))
Эскертүү - Иштеп чыгуучулардын конкреттүү тизмесин жана аталышын жана аларды иштетүүчүлөр катары аныктоо жөнүндө укуктук негизди (келишим/макулдашуу) көрсөтүү зарыл. -Өтө эле жалпы категорияларды (мисалы, “оператор келишимдик мамиледе болгон жактар”), ошондой эле мындай жактардын ачык тизмесин (“жана башка жактар”) көрсөтүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы Иштеп чыгуучу – жеке маалыматтын кармоочу (ээси) аныктаган, аны менен түзүлгөн келишимдик негизде жеке маалыматты иштеп чыгууну жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.. |
Мен төмөнкүлөр менен таанышып чыктым:
1) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук, ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып мага
мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөр берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды сактоо мөөнөтүнүн ичинде жарактуу;
2)жеке маалыматтардын субъектиси катары менин укуктарымдын тизмеси менин маалыматтарыма жетүү, аларды оңдоо, жок кылуу жана иштетүүнү токтотуу укугун камтыйт;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра алынышы мүмкүн.
______________________________ ___________ 20__-жылдын “___” _______
(ФАА) (Колу) (Датасы)
Жүктөө формасы
Жеке маалыматтарды берүүгө жана иштеп чыгууга жеке маалыматтар субъектисинин макулдугунун
ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Мен,______________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты ( бар болгон учурда))
__________________________________________________________________________________ (туулган датасы, ким экендигин ырастоочу идентификациялык номери/ документтин номери)
Байланыш маалыматтары:____________________________________________________________
(телефон номери, электрондук почтасы)
Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык эркин жана аң-сезимдүү түрдө
____________________________________________________________________________
(маалыматтык системанын ээсинин, кармоочунун аталышы, дареги, байланыш маалыматтары)
Макулмун ✔️/ - | Максат | Жеке маалыматтар | Мөөнөт |
| (жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаты) | (иштеп чыгууга макулдук берилген жеке маалыматтардын тизмеси) | (макулдукка берилген мөөнөт) |
|
|
|
|
|
|
|
|
жеке маалыматтарга карата төмөнкү аракеттерди жасоого макулдук берем:
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________(Макулдук берилген жеке маалыматтар менен иш-аракеттердин тизмеси, жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун колдонулган ыкмаларынын жалпы сыпаттамасы)
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат: ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________(иштеп чыгуучунун аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги (бар болсо))
Мен төмөнкүлөр менен таанышып чыктым:
1) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук, ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып мага
мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөр берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды сактоо мөөнөтүнүн ичинде жарактуу;
2)жеке маалыматтардын субъектиси катары менин укуктарымдын тизмеси менин маалыматтарыма жетүү, аларды оңдоо, жок кылуу жана иштетүүнү токтотуу укугун камтыйт;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра алынышы мүмкүн.
______________________________ ___________ 20__-жылдын “___” _______
(ФАА) (Колу) (Датасы)