Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-сентябры ПТ № 301
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү – он алтынчы абзацтары менен толукталсын:
«Ушул пункттун бешинчи – он үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер төмөнкүдөй берилет:
– электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу сканерленген форматта;
– кагаз форматында (түп нүскаларды өздүк ишке кошуу максатында).»;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
– мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра дайындалган;
– жаңы мөөнөткө кайра дайындалган;
– номенклатурага кирген кызмат орундары ээлеген;
– негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоо үчүн талапкер болгон;
– Президенттин Администрациясынын штаттык санына кирген кызмат орундарына талапкер болгон.»;
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Кадрдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан өздүк ишке талапкерге тиешелүү башка кошумча маалыматтар кошулушу мүмкүн.».
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |