РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 771-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 9-сентябры № 771-т

 

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункттагы “2025-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2026-жылдын 1-февралына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартибинде:

23-пункттун экинчи абзацындагы “эки айлык” деген сөздөр “алты айлык” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

  

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев