Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-августу № 18
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби, шайлоо комиссияларынын резервин сактоо жөнүндө” Жобо, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып, Ак-Башат айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат :
1. №7324;№7325;№7326 шайлоочулардын чогулушунан участкалык шайлоо комиссияларынын резерви тиркеме ылайык толукталсын.
2. Ак-Башат айылдык кеңеши, сессиянын токтомун,жыйналыштардын протоколдорун жана көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Башат айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И.С.Рыскулов |