АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы
2023-жылдын 19-январы №66
Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,
тазалыкты сактоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34- беренелерине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Александровка айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары –Эрежелер) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Александровка айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү үчүн тиричилик калдыктарын ташууну жана жок кылууну уюштуруу функцияларынын жана милдеттеринин тизмеси (тейлөөлөр/иштер, функциялар жана милдеттер Тизмеси) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиев Эрежелерди, тейлөөлөр/иштер, функциялар жана милдеттер Тизмесин жетекчиликке жана аткарууга алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |
| Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-январындагы №66 Токтомуна 2-тиркеме |
Александровка айыл аймагында жергиликтүү маанидеги
маселелерин чечүү үчүн калдыктарды ташууну жана жок
кылууну уюштуруу функцияларынын жана милдеттеринин
тизмеси
№ | Функциялардын жана милдеттердин аталышы | Аткарууга жооптуу |
| 1. Тейлөө |
|
1 | Жеке жана юридикалык жактар үчүн катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) ташуу жана жок кылуу | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ) |
1.1 | Айылдык аймактагы курулуш калдыктары | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ) |
| 2. Милдеттер |
|
2 | Айылдык аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууда таштандыларды чогултууну, ташууну жана жок кылууну уюштуруу | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.1 | Юридикалык жана жеке жактарга катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) топтоо ылдамдыгын эсептөө | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ) |
2.2 | Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуунун тарифин эсептөө | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ) |
2.3 | Жылдык иш-планына катуу турмуш- тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуу иштерин пландаштыруу | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ) |
2.4 | Таштанды полигонунда катуу турмуш- тиричилик калдыктарын (КТТК) жок кылуу иштерин пландаштыруу | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.5 | Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуунун, ташуунун жана жок кылуунун акысын төлөө боюнча жеңилдетүү категориясына кире турган жарандарды аныктоо | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6 | Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуу үчүн жер бөлүштүрүүнүн технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.7 | Көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө юридикалык жана жеке жактарды маалымдоо | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
| 3.Милдеттенмелер |
|
3 | Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын (КТТК) чогултуу жана жок кылуу үчүн атайын техника сатып алуу | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
3.1 | Жыл сайын сентябрь, апрель айларынын үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнүн өткөрүү (Айылдык аймакта ишембилик өткөрүү) | “Александровка” муниципалдык ишканасы (МИ), айыл өкмөтүнүн башчысы |
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы | Султаналиев Н.А. |