Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 11-сентябры ПЖ № 257
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча
улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор
аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө
Дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында, аталган багыттар боюнча маселелерди комплекстүү чечүүнүн топтолгон оң тажрыйбасын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул Жарлык бекитилген штаттык сандын, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгынын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |