Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 3-ноябры ПЖ № 220
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 , 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126, 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү, дин маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо механизмдерин жакшыртуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында Диний кырдаалды изилдөө борбору түзүлсүн.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн административдик имараттарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнө кызматтык жайларды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;
3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
2-тиркеме