Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 8-сентябры № 01-01/274
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы
№ 349-Б “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын
участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 349 “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестринде:
– III бөлүмдө “Көмүр кендеринин жер казыналарынын участоктору жана бурчтук чекиттеринин координаттары”:
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Тегене көмүр кени (Аксы району, Жалал-Абад облусу), иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында.
№ | X | У | № | X | У |
1 | 13268733.0 | 4598296.0 | 9 | 13265622.3 | 4605762.0 |
2 | 13268646.0 | 4600618.0 | 10 | 13267766.0 | 4606724.0 |
3 | 13266228.3 | 4600876.0 | 11 | 13268567.0 | 4604840.0 |
4 | 13265681.9 | 4602613.4 | 12 | 13272798.0 | 4604182.0 |
5 | 13265512.0 | 4602711.0 | 13 | 13270941.4 | 4600372.9 |
6 | 13265210.0 | 4603962.0 | 14 | 13268751.3 | 4600606.7 |
7 | 13264963.0 | 4604375.0 | 15 | 13268804.0 | 4599318.0 |
8 | 13265007.3 | 4604770.0 |
|
|
|
Аянты 30,05 км2 же 3005 га түзөт.”;
– 5-пункттагы “геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында” деген сөздөр “иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
–төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кызыл-Кыя күрөң көмүр кени (Ош облусунун Ноокат району, Баткен облусунун Кадамжай району), иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында.
№ | Х | У | № | Х | У |
1 | 13254502 | 4463312 | 37 | 13261934 | 4461844 |
2 | 13255340 | 4464406 | 38 | 13261482 | 4462188 |
3 | 13258231 | 4465582 | 39 | 13261248 | 4462114 |
4 | 13261855 | 4466418 | 40 | 13261134 | 4461947 |
5 | 13267855 | 4466967 | 41 | 13261164 | 4461572 |
6 | 13270673 | 4466921 | 42 | 13260370 | 4461324 |
7 | 13273103 | 4466235 | 43 | 13259640 | 4461476 |
8 | 13273887 | 4465662 | 44 | 13258597 | 4462045 |
9 | 13273323 | 4464362 | 45 | 13258427 | 4462394 |
10 | 13271578 | 4463440 | 46 | 13257236 | 4462021 |
11 | 13270232 | 4462919 | 47 | 13257266 | 4461647 |
12 | 13269024 | 4462828 | 48 | 13257667 | 4461489 |
13 | 13269786 | 4463580 | 49 | 13257672 | 4459870 |
14 | 13269880 | 4463904 | 50 | 13257538 | 4459492 |
15 | 13269544 | 4464344 | 51 | 13256469 | 4458817 |
16 | 13268634 | 4464000 | 52 | 13256364 | 4458135 |
17 | 13266784 | 4463734 | 53 | 13255640 | 4457848 |
18 | 13266099 | 4463980 | 54 | 13254820 | 4459164 |
19 | 13265691 | 4464489 | 55 | 13255056 | 4459790 |
20 | 13264750 | 4464614 | 56 | 13255409 | 4460418 |
21 | 13263766 | 4464527 | 57 | 13255497 | 4460725 |
22 | 13263017 | 4464373 | 58 | 13254209 | 4459858 |
23 | 13262568 | 4464553 | 59 | 13251947 | 4459678 |
24 | 13261020 | 4464456 | 60 | 13251940 | 4460100 |
25 | 13260631 | 4463863 | 61 | 13252098 | 4460455 |
26 | 13260891 | 4463774 | 62 | 13253718 | 4461223 |
27 | 13261946 | 4463885 | 63 | 13254723 | 4461380 |
28 | 13263072 | 4463905 | 64 | 13256662 | 4461918 |
29 | 13263970 | 4463545 | 65 | 13257640 | 4462416 |
30 | 13264093 | 4463265 | 66 | 13258118 | 4462611 |
31 | 13263510 | 4463044 | 67 | 13258386 | 4462675 |
32 | 13262735 | 4463054 | 68 | 13259352 | 4463196 |
33 | 13263404 | 4462385 | 69 | 13260122 | 4463479 |
34 | 13263573 | 4462083 | 70 | 13259035 | 4463871 |
35 | 13263463 | 4461682 | 71 | 13256718 | 4463432 |
36 | 13262405 | 4461758 | 72 | 13255596 | 4463178 |
Аянты 66,53 км2 же 6553,0 га түзөт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сɵз катчысы жана Кыргыз геологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгы үч жумушчу күндүн ичинде расмий жарыяланган күндөн тартып бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз геологиялык кызматынын директору М.М. Жусупбековго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 10-сентябрында https://mnr.gov.kg/storage/npa/files/482/%D0%91%D1%83%D0%B9%D1%80%D1%83%D0%BA--08.09.2025-68c15450779c4.pdf расмий сайтында жарыяланды
Министри | М.А. Машиев |