Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-августу № 497
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн транспорт каражаттарын
жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн алуу үчүн практикалык сынактардан өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 22-пункттун жыйырма үчүнчү абзацындагы "жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-пункттун биринчи абзацындагы ", Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ташып келинген транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн бажы документтерин көрсөтпөстөн, мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талондун болушу милдеттүү)" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 18-пункттун экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "алты" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелеринде:
- 18-пункттагы "үч" деген сөз "алты" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 19-августундагы № 62 (3718) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |