Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 15-майындагы № 2026-П-12/30-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы «бир жылдык мөөнөткө» деген сөздөр алынып салынсын;
- 3-пункту « жана 2026-жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган тиешелүү уюмдарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | М. Тургунбаев |