Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 577
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым
укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү
жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4-бөлүгүн, 37-беренесинин 2-бөлүгүн, 75-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15–17-пунктчалар менен толукталсын:
“15) Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобону;
16) санаториялык-курорттук дарылоо үчүн көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү, ошондой эле жарандарды санаториялык-курорттук дарылоого тандап алуу жана жиберүү тартибин;
17) сейрек оорулардын катарына киргизүү критерийлерин жана тартибин, ошондой эле сейрек ооруларга чалдыккан жарандарды медициналык-санитардык жардам, анын ичинде дары менен камсыз кылуу тартибин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 70 (3726) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |