Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-августу № 500
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 "2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 "2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1-пунктта "2025-жылга" деген сөздөр "2030-жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясында:
- аталышында "2025-жылга" деген сөздөр "2030-жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |