Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 564
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 7-июлундагы № 163 токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 22 контурунда жайгашкан Ю.З.Закировдун, М.З.Закированын, А.З.Закировдун, С.З.Закировдун жана Э.Ж.Айтымбетовдун жеке менчигинде турган, жалпы аянты 3,95 га сугат айдоо жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилик камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
5) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды сактоону;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүштөрүндөгү зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
9) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерди талдоону жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) Чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тийиштүү коргоо аралыктарын сактоону;
11) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |