Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-сентябры № 833-т
Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 10-беренесинин 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 3-пунктта:
2-пунктчасында “жана кыргыз-кытай Мамлекеттик чек арасында “Бедел – автожолу” өткөрүү пунктунда” деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:
“3) Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жеке колдонуудагы товарларды, ошондой эле Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында тартылган товарларды жана транспорттук каражаттарды кошпогондо, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрбөстөн адамдардын жана жеңил транспорттук каражаттардын кесип өтүүсү 2025-жылдын 23-сентябрынан тартып “Бедел – автожолу” өткөрүү пункту аркылуу убактылуу жүргүзүлсүн;
4) “Бедел – автожолу” өткөрүү пункту аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын ташып киргизүү жана ташып чыгаруу Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорун ишке ашыруу максатында гана ишке ашырылат деп белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдердин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |