Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 14-сентябрындагы № 612
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 594
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн
жеңилдетилген кредит - 2" долбоорду бекитүү жөнүндө
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит - 2" долбоору (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган каражаттардын эсебинен Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Элдик Банк", "Айыл Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - Банктар) пайыздык ставкаларын субсидиялоого 8397550,0 (сегиз миллион үч жүз токсон жети миң беш жүз элүү) сом өлчөмүндө каражат бөлсүн;
2) кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө Долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттарды караштырсын (транштар).
3. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Долбоорду ишке ашырууга катышкан Банктар (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг, анын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүп, жыл сайын 1-июлга чейинки мөөнөттө жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына менчиктин каалагандай формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууда донорлордун, меценаттардын каражаттарынын эсебинен тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну белгиленген тартипте камсыз кылуу сунушталсын.
5. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит - 2"
ДОЛБООРУ
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит - 2" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына (жеке ишкерлерге) мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Долбоордун наркы - 113787940,38 (бир жүз он үч миллион жети жүз сексен жети миң тогуз жүз кырк) сом отуз сегиз тыйын.
4. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджети, "Элдик Банк" жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - банктар) каражаттары.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (макулдашуу боюнча), Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар (макулдашуу боюнча).
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууну камсыз кылуу максатында Долбоордун алкагында 2025-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга (жеке ишкерлерге) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу үчүн банктардын чыгымдарын 2025-2029-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүү тартиби банктардын ички документтерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди төлөө боюнча бардык тобокелдиктерди банктар тартат, карыз алуучуларды тандоо алардын ички жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жактырган катышуучулардын тизмесинен жүргүзүлөт.
10. Банктар Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кепилдик фонду" ААК) кепилдигинин катышуусу менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, капиталдык оңдоону/реконструкциялоону, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алууну жана жаңылоону каржылоого укуктуу.
11. Долбоорго катышкан банктар карыз алуучуларга таблицада сунушталган шарттарда кредит бере алат:
Таблица
Кредит берүү шарттары
№ | Жеңилдетилген кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Максаттуу багыты | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда, капиталдык оңдоодо/реконструкциялоодо, негизги каражаттарды сатып алууда жана жаңылоодо ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга (жеке ишкерлерге) мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү |
2 | Сом менен кредит берүүнүн, субсидиялоонун суммасы жана мөөнөтү | Төмөнкүлөргө кредиттин суммасы жана мөөнөтү: - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; - капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; - негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн. сомго чейинки суммада, 36 айлык мөөнөткө |
3 | Күрөөлүк камсыздоо | Күрөөлүк камсыздоонун предмети төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - карыз алуучунун менчигинде турган жер тилкеси; кыймылсыз мүлк; - күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда банк менен "Кепилдик фонду" ААКтын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын шарттарында "Кепилдик фонду" ААКтын кепилдиги кабыл алынышы мүмкүн |
4 | Берүү формасы | Курулушка же капиталдык оңдоого/реконструкциялоого берилген смета иштерди жүргүзүү этаптарына бөлүнүүгө тийиш: - пайдубал; - дубал тургузуу жана чатырын жабуу; - коммуникацияларды киргизүү; - жасалгалоо иштери ж.б., ага ылайык карыз алуучу карыздык каражаттарды өздөштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Карыз алуучу бул милдеттенмелерди аткарбаган учурда, банк кредит берүүнү токтотуп турууга жана кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу |
5 | Курулушка карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - өзүнүн жер тилкесинин же 49 жылдык мөөнөткө ижарага алынган жер тилкесинин; - Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин (ыйгарым укуктуу органдын экспертизасынын оң корутундусунун болушу). Курулуш иштеринин сметасынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш, мында сметаны түзүүчүнүн квалификациялык сертификаты болууга тийиш. Жумуштарды жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 кв. метр үчүн имараттын курулушунун максималдуу наркы 63 миң сомдон ашпоого тийиш. Курулуштун максималдуу мөөнөтү - курулушка биринчи транш берилген учурдан тартып 18 айдан ашпайт |
6 | Капиталдык оңдоого/реконструкциялоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле имаратты капиталдык оңдоо/реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин |
7 | Негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана сатып алуу же жаңылоо фактысын ырастоочу башка документтердин болушу зарыл |
8 | Жеңилдетилген кредит берүү субъекттери | 1) Финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти. 2) Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө каттоодон өткөн, ошондой эле Долбоорго катышуусу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тарабынан жактырылган ишкердик субъекти/жеке жак (жеке ишкерлер). 3) Объекттин курулушунун сметалык наркынын 30%ына чейинки өлчөмдөгү өздүк каражаттардын болушу. 4) Карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери банктын ички ченемдик документтерине шайкеш келүүгө тийиш |
9 | Акыркы пайыздык ставка | 10 пайыз өлчөмүндө ставка белгиленген. Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө узартууда же кайра түзүмдөштүрүүдө кредит боюнча пайыздык ставка банк тарабынан ушул сыяктуу максаттарга берилүүчү кредиттер боюнча кайра түзүмдөштүрүү датасына карата колдонулган ставкалардын өлчөмүндө белгиленет |
10 | Айыптык санкциялар | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда карыз алуучуга карата кредит боюнча пайыздык ставкаларды кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайызга өзгөртүү же аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө жолу менен финансылык санкциялар колдонулат |
Эскертүү: Мында банктар карыз алуучуларга кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Күрөө мүлкү мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулуп жаткан имараты, курулуш мезгилинде жана андан кийин карыз алуучунун менчигинде турган жер тилкеси да болушу мүмкүн.
13. Потенциалдуу карыз алуучулардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, алар банк менен "Кепилдик фонду" ААКтын ортосунда түзүлгөн шарттарда кепилдик алуу жөнүндө арыз менен "Кепилдик фонду" ААКка кайрылууга укуктуу.
2-глава. Долбоорду ишке ашыруунун баяндалышы
14. Долбоорго катышуу ниетин билдирген банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 15 күндүк мөөнөттө субсидиялоонун сунушталган ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүп, республиканын облустары боюнча бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, мында субсидиялоонун ставкасы жылдык 8,19 пайыздан ашпашы керек.
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн жылдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерине ылайык субсидиялардын суммасын эсептейт жана субсидиялардын траншын банктарга которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык планды даярдайт.
18. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү жыл аяктаганга чейин которулат.
19. Банктардын ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматты берип турат.
3-глава. Субсидияларды эсептөө
21. Субсидияларды берүүдө пайыздык ставкалар боюнча банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылга карата маалыматтарына ылайык банктардын ай сайын берген кредиттеринин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан субсидиялоонун ставкасы жылдык 8,19 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 22,88 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2025-жылы 7,38 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 7,07 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 4,63 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 2,81 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2029-жылы 0,99 эсептик коэффициенти боюнча которулат;
3) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 14,67 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2025-жылы 7,28 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 5,62 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 1,77 эсептик коэффициенти боюнча которулат.
22. Долбоор боюнча берилген кредиттер боюнча субсидияларды эсептөөнү колдонуу жана кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда субсидияларды кайра эсептөө (кайтаруу) үчүн мөөнөт жана ай боюнча бөлүштүрүү менен субсидиялардын коэффициенттерин эсептөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
23. Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялоо ставкасын өзгөртө алат.
4-глава. Субсидияларды которуу
24. Эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммалары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктарга беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - ар бир жылдын аягында банктар тарабынан өткөн жыл үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
25. Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн карыз алуучулардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди чыгарып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгерде кезектеги траншты алгандан кийин субсидиялар алынган мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер бар болсо, банк мындай кредиттер боюнча субсидияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып бериши зарыл.
5-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
26. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
27. Аталган тобокелдикти азайтуу банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда банктар тиешелүү акт түзүүгө жана карыз алуучудан кредиттик каражаттардын калдыгын 30 календардык күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставкаларды белгилөөгө тийиш. Мындай учурда банктар мөөнөтүнөн мурда төлөө учурларын кошпогондо, алынган субсидиялардын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
29. Карыз алуучулар тарабынан ижарага алынган жер тилкесинде кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ижарага берүүчүгө кайтарылып берилет.
30. Банктар тарабынан субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) банктар жума сайын берилген кредиттер боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турат;
2) банктар тарабынан субсидиялануучу кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мындай кредиттер боюнча субсидиялардын мурда которулган транштарын калыбына келтирүү менен андан аркы субсидиялоону бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокелдиги:
1) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жыл аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидиялардын биринчи траншынын суммасын банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияларды которуу тартибине ылайык которот;
2) субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын төлөө үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунда каралат.
32. Кредиттик каражаттарды толук эмес тандоо тобокелдиги. Долбоорго банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жыйынды көлөмү гана чектелет.
6-глава. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
33. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг банктар тарабынан төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- кредитти алган учурдан тартып 18 айдын ичинде карыз алуучулар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарга документтик ырастоолорду (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери ж.б.) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш.
Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш (курулуш-монтаждоо иштери) үчүн зарыл болгон материалдарга акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
2) сатып алынган материалдар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчет менен бирге берилүүгө тийиш);
3) кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоочу башка документтер.
34. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин) банктар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте комиссиялык түрдө жерине баруу менен карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдалануусуна төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзөт:
1) курулушту, капиталдык оңдоону/реконструкциялоону аяктоо пайызы (курулушта, капиталдык оңдоодо/реконструкциялоодо);
2) негизги каражаттарды жаңылоо же сатып алуу (негизги каражаттарды сатып алууда же жаңылоодо).
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан эки жумалык мөөнөттө отчет таризделет.
35. Зарыл болгон учурда карыз алуучу алынган кредиттик каражаттардын эсебинен курулуштун же реконструкциялоонун жүрүшүнө автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзөт.
7-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
36. Карыз алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты пайдаланууга берилгенден кийин кредит төлөнгөн күнгө чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине отчет берип турууга (имаратты максаттуу пайдалануу, өзүн-өзү актоо ж.б.);
2) курулган оңдолгон/реконструкцияланган имарат пайдаланууга берилгенден кийин 20 жылдан кем эмес мөөнөткө максаттуу багыты боюнча пайдаланууга (Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен макулдашуу түзүлөт).
37. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан ар жылдык негизде комиссиялык түрдө жерине баруу менен төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзүлөт:
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында курулган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын оңдолгон имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
4) сатып алынган окуу-дидактикалык материалдардын саны жана сапаты;
5) сатып алынган, жаңыртылган негизги каражаттардын саны жана түрү.
Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги отчет тариздейт жана 1-июлдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.