Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-сентябры ПЖ № 270
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, региондук көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында кезектеги IV Элдик Курултайды (мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2025-жылдын 25-декабрына дайындалсын.
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби Улуттук Кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
4. Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү ишти жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме
|
Кезектеги IV Элдик Курултайдын 700 делегатынын квоталарга бөлүнүшү
1. Региондук жана тармактык өкүлчүлүк | ||||
№ | Шаарлардын категориялары, айыл аймактарынын аталышы жана калктын саны боюнча бөлүнүшү | Административдик- аймактык бирдиктердин саны | Аймактык бирдиктерден делегаттардын саны | Делегат-тардын жалпы саны |
Республикалык маанидеги шаарлар – 2 | ||||
1 | Бишкек ш. | 1 | 72 | 72 |
2 | Ош ш. | 1 | 40 | 40 |
Облустук маанидеги шаарлар – 14 | ||||
3 | Калкынын саны 30 000 адамга чейин | 4 | 2 | 8 |
4 | Калкынын саны 30 001ден 70 000 адамга чейин |
7 |
3 |
21 |
5 | Калкынын саны 70 001ден 100 000 адамга чейин |
2 |
4 |
8 |
6 | Калкынын саны 100 000 адамдан ашык | 1 | 5 | 5 |
Райондук маанидеги шаарлар – 17 | ||||
7 | Калкынын саны 10 000 адамга чейин | 2 | 1 | 2 |
8 | Калкынын саны 10 001ден 30 000 адамга чейин |
9 |
2 |
18 |
9 | Калкынын саны 30 001 адамдан ашык | 6 | 3 | 18 | |
Айыл аймактары – 231 | |||||
10 | Калкынын саны 10 000 адамга чейин | 46 | 1 | 46 | |
11 | Калкынын саны 10 001ден 30 000 адамга чейин |
152 |
2 |
304 | |
12 | Калкынын саны 30 001 адамдан ашык | 33 | 3 | 99 | |
| Шаарлар, айыл аймактары боюнча бардыгы: |
|
|
641 | |
2. Этностук топтордун жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын өкүлчүлүктөрү | |||||
Өкүлчүлүктүн аталышы | Делегаттардын саны | ||||
Этностук өкүлчүлүк | 29 | ||||
Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары | 30 | ||||
Этностук топтордун жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын өкүлчүлүктөрү боюнча жалпы: 59 делегат | |||||
Жалпы: 700 делегат | |||||
|
| 2-тиркеме |
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары – уюштуруу комитети) ишинин тартибин жөнгө салат.
2. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультативдик-координациялык орган болуп саналат.
2. Максаттары жана милдеттери
3. Уюштуруу комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
5. Уюштуруу комитетинин чечимдери зарыл болгон учурда сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
6. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
7. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
8. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары төраганын төрагалыгы астында өткөрүлөт. Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
9. Уюштуруу комитети:
– Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурат;
– Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо процессин координациялайт;
– бекитилген квотага ылайык региондук, тармактык белгилери боюнча, ошондой эле эмгек миграциясы, этностук таандыктыгы, жынысы жана курагы боюнча өкүлчүлүктүн принциптерин сактоону камсыз кылат.
4. Милдеттери жана укуктары
10. Уюштуруу комитети:
– Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планын жана календардык планын бекитет;
– Элдик Курултайга делегаттарды тандоо үчүн зарыл болгон документтердин үлгүлөрүн: жалпы жыйналыштын протоколун, анкетаны, кайрылууларды ж.б. документтерди бекитет;
– Улуттук Кеңештин, эсептөө комиссиясынын өкүлчүлүктөрүнүн жана жарыш сөзгө чыгуучулардын квоталарын аныктайт;
– зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу;
– Элдик Курултайдын ишинин баштапкы этабын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитет;
– ушул Убактылуу жободо камтылбаган жана жөнгө салынбаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Корутунду жоболор
11. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишин токтотот.
12. Ушул Убактылуу жобо “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте тиешелүү жөнгө салуучу документтер кабыл алынганга чейин колдонулат.
|
| 3-тиркеме |
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы
(КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Койчиев Арслан Капайович | – | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы |
| ||||
Кадыралиев Азамат Сактанбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
| ||||
Абдылдаев Мыктыбек Юсупович | – | Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы, Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
| ||||
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: |
| ||||||
Абыкеев Чолпонбек | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; |
| ||||
Укушов Мурат Каниметович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; |
| ||||
Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; |
| ||||
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
| ||||
Узакбаев Болотбек Узакбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; | |||||
Ибраимов Азат Эмильбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; | |||||
Касымбаев Эльзар Талантбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы; | |||||
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | – | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; | |||||
Баетов Аяз Батыркулович | – | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; | |||||
Ниязбеков Улан Омоканович | – | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; | |||||
Бакетаев Алмаз Кушбекович | – | Кыргыз Республикасынын финансы министри; | |||||
Мамбеталиев Мирбек Кемелович | – | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри; | |||||
Сагынбаев Канат Латипжанович | – | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; | |||||
Жамангулов Азамат Саадатбекович | – | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри; | |||||
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; | |||||
Арабаев Чолпонкул Исаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); | |||||
Шаменов Айбек Асанович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Сатаров Нурбек Бейшеналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Джумаев Эрмат Джумаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Кенжебаев Аманкан Батырбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Жетигенов Бакытбек Женишбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | – | Бишкек шаарынын мэри; | |||||
Токторбаев Жеңишбек Шермаматович | – | Ош шаарынын мэри; | |||||
Сатымкулов Майорбек Асанканович | – | Элдик Курултайдын катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча); | |||||
Осмонов Азамат Кыргызбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
Алымбаев Абдрахман Мырзагулович | – | акын, публицист, тарых илимдеринин кандидаты, философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); | |||||
Исаев Болот | – | I Элдик Курултайдын делегаты, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). | |||||