ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 3387-VII «1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция17.09.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 17-сентябры № 3387-VII

“1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген

айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.К. Абакиров, Н. Тургунбек уулу, Д.Д. Бекешев, Ч.А. Султанбекова, К.А. Талиева, Ж.П. Нурбаев, Ы.Ы. Атажанов, Ж.К. Акаев, Ж.Э. Садырбаева, М.А. Маматалиев, Б.У. Сыдыков, Н.О. Сыдыгалиев, Д.Э. Толонов, Н.К. Алимбеков, М.О. Темирбаева, К.К. Самаков, Э.Н. Сулайманов, Л.Х. Лурова, Д.А. Ашимова, Э.Ж. Сурабалдиева, Т.Т. Мамытов, Б.А. Калпаев, С. Рустамбек уулу, Ч.И. Ажибаев тарабынан демилгеленген “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев