Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 8-августу № 678-т
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта "2024-жылга" деген сөздөр "2024-2026-жылдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине 450000000 (төрт жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө максаттуу трансферттерди бөлүп берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине ушул тескеменин аткарылышы боюнча маалымат берсин;
3) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Аткарылуучу иштер | Күтүлүүчү натыйжа | Керектүү акча каражаттары | Долбоордун жалпы суммасы |
1 | Шаардын ички жолдорун оңдоо | Борбордук жана ички көчөлөрдү асфальттоо | Шаар тургундарына жана конокторго жолдо жүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт | 40938344 (кырк миллион тогуз жүз отуз сегиз миң үч жүз кырк төрт) сом | 250000000 (эки жүз элүү миллион) сом |
2 | Жөө жүрүүчүлөр аллеясын куруу | Талас ш. К.Нуржанов аллеясы боюнча шаардыктардын жана коноктордун эс алуусу үчүн жөө жүрүүчүлөр аллеясын куруу | Шаар тургундарынын жана меймандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлөт. Кошумча жумуш орундары ачылат | 300000000 (үч жүз миллион) сом | 300000000 (үч жүз миллион) сом |
3 | Жөө жүрүүчүлөр тротуарын куруу, тротуарлардын курулушуна жолтоо болгон электр тармактарынын мамыларын жылдыруу | Электр тармактарынын мамыларын жылдыруу менен борбордук жана ички көчөлөрдө жөө жүрүүчүлөр тротуарларын куруу | Шаардык жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт, бул алардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын кыскартууга алып келет | 22965599 (жыйырма эки миллион тогуз жүз алтымыш беш миң беш жүз токсон тогуз) сом | 193508306 (бир жүз токсон үч миллион беш жүз сегиз миң үч жүз алты) сом |
4 | Шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылуу | Борбордук жана ички көчөлөргө жана тротуарларга прожекторлорду орнотуу | Шаардын инфраструктурасы жакшыртылат, шаар тургундарынын жана меймандардын коопсуздугу камсыз кылынат | 300000 (үч жүз миң) сом | 30000000 (отуз миллион) сом |
5 | Башкы суу алуучу курулманын курулушу жана Талас ш. чейин 7,4 км узундуктагы суу өткөрүү түтүктөрүн орнотуу | Башкы суу алуучу курулма курулат жана таза сууга муктаж тургундарга ичүүчү суунун берилиши жакшырат | Шаардын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот | 45745456 (кырк беш миллион жети жүз кырк беш миң төрт жүз элүү алты) сом | 103819954 (бир жүз үч миллион сегиз жүз он тогуз миң тогуз жүз элүү төрт) сом |
6 | Асфальт-бетон заводун куруу | Асфальт-бетон заводун куруу | Шаардын жолдорун оңдоо өз убагында жүргүзүлөт | 7785805 (жети миллион жети жүз сексен беш миң сегиз жүз беш) сом | 30000000 (отуз миллион) сом |
7 | Темир-бетон буюмдар заводун куруу | Темир-бетон буюмдар заводун куруу | Темир-бетон буюмдар заводун ишке киргизгенден кийин шаарды көрктөндүрүү, арыктарды, жолдорду, тротуарларды оңдоо, ичүүчү суу жана канализация системасын куруу боюнча иштер үчүн керектүү материалдар даярдалат: арыктар үчүн лотоктор, жол бордюрлары, ичүүчү таза сууну жана канализацияны текшерүү кудуктарынын шакектери | 8852293 (сегиз миллион сегиз жүз элүү эки миң эки жүз токсон үч) сом | 19000000 (он тогуз миллион) сом |
8 | Таш майдалагычты сатып алуу жана орнотуу | Жабдууларды сатып алуу жана таш майдалагычты орнотуу | Шаардын курулуш жана оңдоо иштерине керектүү кум жана шагыл өндүрүү жолго коюлат | 9119506 (тогуз миллион бир жүз он тогуз миң беш жүз алты) сом | 33000000 (отуз үч миллион) сом |
9 | Талас ш. "7-апрель баатырлары" паркына аттракциондорду орнотуу | Талас ш. "7-апрель баатырлары" паркына аттракциондорду сатып алуу жана орнотуу | Шаар тургундарынын жана меймандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлөт | 14292997 (он төрт миллион эки жүз токсон эки миң тогуз жүз токсон жети) сом | 90671740 (токсон миллион алты жүз жетимиш бир миң жети жүз кырк) сом |
| Бардыгы: |
|
| 450000000 (төрт жүз элүү миллион) сом | 1050000000 (бир миллиард элүү миллион) сом |
".