КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-сентябры № 3390-VII
“Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 1-сентябрындагы чыг. № 18-9209) “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |