Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 1-октябры № 5
«Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчукүндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине күчүн жоготту деп табуу сунушталсын:
- 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу жөнүндө. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругунун 19-пунктунун 1-абзацы;
- 2017-жылдын 9-октябрындагы № 2 «2016-жылдын 27-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндөгү буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Директордун о/б К.Т. Төлөгөнов
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин буйругуна тиркеме
№ ___ 2025-жылдын "___" _________ тартып
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫКЭРЕЖЕЛЕРИ
КРАЭ-18
"Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу"
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАКЧАСЫ
№ | Кабыл алуу датасы | Күчүнө кирген датасы | Өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алуу актысы | Ушул нускага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү датасы | Бул көчүрмөгө өзгөртүү жана/же толуктоо киргизген адамдын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген дата жөнүндө жазуулар жана ушул нускага түзөтүүлөрдү киргизген адамдын колу ушул Эрежелердин ээсине тиешелүү.
МАЗМУНУ
1- бөлүм - Жалпы жоболор 4
§ 1. Аныктамалар 4
§ 2. Колдонулушу. 6
§ 3. Кооптуу жүк үчүн техникалык нускамалар 7
§ 4. Техникалык нускамаларга дал келбестиктер жөнүндө билдирүү. 8
§ 5. Жарандык аба кемелеринин ички аба каттамдарындагы учуулары 8
§ 6. Улуттук ыйгарым укуктуу орган. 8
§ 7. Кооптуу жүктөрдүн классификациясы. 9
2- бөлүм - Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга чектөөлөр 9
§ 1. Аба аркылуу ташууга уруксат берилген кооптуу жүктөр 9
§ 2. Эксплуатанттар, экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр үчүн өзгөчөлүктөр. 10
3- бөлүм – Кооптуу жүктөрдү таңгактоо 10
§ 1. Жалпы талаптар 10
§ 2 . Таңгак топтомдору 10
4- бөлүм - Маркировкалоочу белгилерди коюу……………………………...11
§ 1. Белгилер…………………………………………………………………...11
§ 2 . Маркировкалоо 11
§ 3. Маркировкалоодо тилдерди колдонуу 12
5- бөлүм - Жүк жөнөтүүчүнүн милдеттери 12
§ 1. Жалпы талаптар 12
§ 2 . Кадрларды даярдоо 12
§ 3 . Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн документ 12
§ 4 . Тилди колдонуу 13
6 - бөлүм - Эксплуатанттын милдеттери 13
§ 1 . Жалпы жоболор 13
§ 2. Кооптуу жүктөрдү кабыл алуу . 13
§ 3 Текшерүү тизмеси (кабыл алуунун текшерүү тизмеси) 14
§ 4 Жүктөө жана жайгаштыруу 14
§ 5 . Бузулууларды, агып кетүүлөрдү же булганууларды текшерүү. 14
§ 6. Жүктөө жана сактоо боюнча чектөөлөр. 14
§ 7. Булгоочу заттарды жок кылуу. 15
§ 8. Жүргүнчүлөрдү каттоонун тартиби 15
7- бөлүм – Маалымат берүү 15
§ 1. Аба кемесинин командири үчүн маалымат. 15
§ 2. Учуу экипажынын мүчөлөрү үчүн маалымат. 16
§ 3. Жүргүнчүлөр үчүн маалымат. 16
§ 4. Башка адамдар үчүн маалымат. 16
§ 5. Аба кемесинин командири тарабынан аэропорттун администрациясына берилген маалымат 17
§ 6. Авиациялык кырсык же инцидент болгон учурда маалымат. 17
8- бөлүм – Кооптуу жүктөр боюнча даярдык 17
§ 1. Даярдоо программасы 17
§ 2. Инструктордун квалификациясы. 18
9- бөлүм – Эрежелерди сактоо. 19
§ 1. Текшерүү системалары………………………………………………………..19
§ 2. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтык 19
§ 3. Санкциялар 19
§ 4. Кооптуу жүктөрдү почта аркылуу жөнөтүү 20
10- бөлүм – Кооптуу жүктөр менен болгон окуялар жана авариялар жөнүндө отчет 20
§ 1. Жалпы жоболор 20
11- бөлүм Кооптуу жүктөрдүн авиациялык коопсуздугуна тиешелүү жоболор 21
КЫСКАРТУУЛАР
|
КРАЭ | - Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери |
ДПС | - Дүйнөлүк почта союзу |
ИКАО | - Эл аралык жарандык авиация уюму |
БУУ ЭК | -Бириккен Улуттар Уюмунун кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эксперттер комитети |
КР | - Кыргыз Республикасы |
АКК | - Аба кемесинин командири |
МАГАТЭ | - Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттик |
КР ЖАО | - Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы |
УИБЖ | - Учуу иштери боюнча жетекчилик |
УКБС | - Учуунун коопсуздугун башкаруу системасы |
1. Ушул Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат.
Жүк - эксплуатант менен макулдашуу боюнча аба кемесинде ташылуучу жүргүнчүлөрдүн же экипаждын мүчөлөрүнүн жеке мүлкү.
Жарылуучу зат - катуу же суюк зат (же заттардын аралашмасы түрүндө болот), ал өз алдынча химиялык реакцияга кирип, курчап турган объекттерге зыян келтире турган температурада жана басымда жана ылдамдыкта газдарды пайда кылууга жөндөмдүү. Пиротехникалык заттар газды түзбөсө дагы, жарылуучу заттарга кирет. Өз алдынча жарылуучу эмес, бирок газдан, буудан же чаңдан турган жарылуучу атмосфераны түзө алган зат жарылуучу катары классификацияланбайт.
Баруу мамлекети - жүк акыркы жолу аба кемесинен түшүрүлгөн мамлекет.
Жөнөтүүчү мамлекет - жүк жөнөтүлүүчү жерден биринчи жолу аба кемесине жүктөлгөн мамлекет.
Эксплуатанттын мамлекети - эксплуатанттын негизги ишмердүүлүк жүргүзгөн мамлекети же эгерде эксплуатантта мындай негизги жайы жок болсо, анын туруктуу жайгашкан жери.
Жүк жөнөтүү-эксплуатант тарабынан бир жүк жөнөтүүчүдөн бир убакта жана бир дарекке кабыл алынган, бир партияга киргизилген жана бир жүк алуучуга бир көздөгөн жерге ташылуучу кооптуу жүгү бар бир же бир нече орун.
Жүк ташуучу учак - жүргүнчүлөрдү ташуучу аба кемесинен тышкары, жүктү же мүлктү ташыган ар кандай аба кемеси.
Жүк орду - ташууга даярдалган, таңгак комплекти жана анын ичиндеги мазмунду камтыган акыркы жүк таңгактоо объектиси.
Кооптуу жүктөргө байланыштуу инцидент - бул кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен байланышкан окуя, ал аба кемесинин бортунда болушу милдеттүү эмес жана кандайдыр бир адамга дене жаракат келтирүүгө, мүлктү же айлана-чөйрөнү зыянга учуртууга, өрттөп, бузууга, төгүлүүгө, суюктуктун же радиациянын агып кетишине же таңгак комплектинин бузулушун тастыктаган башка көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн, бирок кооптуу жүктөргө байланыштуу кырсык катары эсептелбейт. Кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан жана аба кемесине же анын бортундагы адамдарга олуттуу коркунуч жараткан каалаган окуя да кооптуу жүктөргө байланыштуу инцидент катары каралышы мүмкүн.
Өзгөчө жагдай - ИКАОнун Техникалык нускамаларынын белгилүү бир талабы кандайдыр бир кооптуу товарга колдонулбайт деген жобо.
Аба кемесинин командири - ксплуатант же жалпы авиацияда аба кемесинин ээсикатары командирдин милдетин аткарууга жана учуунун коопсуз өтүшү үчүн жоопкерчиликтүү болууга дайындалган учкуч.
Дайындалган почта оператору - бүткүл дүйнөлүк почта союзуна (ДПБ) мүчө болгон өлкө тарабынан расмий түрдө дайындалган ар кандай өкмөттүк же өкмөттүк эмес уюм, почта байланыштарын иштетүү жана ДПУ Конвенциясынын жоболоруна ылайык, өз аймагындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн иш алып барган оператор.
Шайкеш келбөөчүлүк - бул термин кооптуу жүктөргө карата колдонулат. Аралаштырылганда жылуулуктун же газдын кооптуу бөлүнүп чыгуусуна алып келиши мүмкүн болгон же коррозиялык заттарды пайда кылган кооптуулук жаралышы мүмкүн.
БУУнун номери - буюмду же затты, же буюмдардын же заттардын белгилүү бир тобун аныктоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча Эксперттер комитети жана Химиялык заттарды классификациялоо жана маркировкалоонун глобалдык гармонияланган системасы тарабынан ыйгарылган төрт орундуу сан.
Кооптуу жүктөр - ден соолукка, коопсуздукка, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурууга жөндөмдүү жана Техникалык нускамада кооптуу жүк катары саналган же ушул нускамаларга ылайык классификацияланган буюмдар же заттар.
Бошотуу - техникалык нускамалардын жоболорун колдонуудан бошотууну караган бекитүүдөн тышкаркы, тиешелүү улуттук ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү уруксат.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу учак - экипаждын мүчөсүнөн, эксплуатанттын кызматтык нөөмөттөгү кызматкеринен, тиешелүү улуттук органдын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка да бардык жүргүнчүлөрдү, алардынжүгүнже башка жүктү коштоп жүргөн аба кемеси.
Кооптуу жүктөргө байланыштуу кырсык - бул кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен байланышкан окуя, натыйжасында кандайдыр бир адам өлүмгө алып келген же олуттуу дене жаракат алган, же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирилген окуя.
Нормадан ашык багаж - бул жүргүнчү тарабынан каттоого берилген коштоп жүрүүчү багаж болуп, анын акысыз ташуу нормасы ашып кеткен учурда, аталган багаж жүргүнчү менен бирдей бара турган пунктка жүк катары жөнөтүлөт.
Денеге оор жаракат - авиакырсыктын натыйжасында адамдын денесине келтирилген жаракат:
1) жаракат алгандан кийин жети күндүн ичинде 48 сааттан ашык ооруканага жаткырууну талап кылат; же
2) кандайдыр бир сөөктүн сынуусуна алып келген (бармактардын, манжалардын же мурундун жөнөкөй сынуусунан тышкары); же
3) катуу кан агууга, нервдерге, булчуңдарга же тарамыштарга зыян келтирүүчү ткандардын жарылуусуна байланышат; же
4) кандайдыр бир ички органдын бузулушу менен байланышкан; же
5) экинчи же үчүнчү даражадагы күйүк менен байланышкан, же дененин бетинин 5% дан ашыгын жабыркатуучу ар кандай күйүк; же
6) жугуштуу заттардын же зыяндуу радиациянын таасиринин тастыкталган фактысы менен байланышкан.
Коопсуздукту башкаруу системасы (КБС) - коопсуздукту башкарууга системалуу мамиле, анын ичинде талап кылынган уюштуруу структурасы, командалык тизмеги, көрсөтмөлөр жана жол-жоболор.
Жүктөрдү пакеттөө каражаты - жүк ташуучу контейнердин ар кандай түрү, аба контейнери, тору бар аба паллети же коргоочу капкактын үстүндө тор менен аба паллети.
Техникалык нускамалар - кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен коопсуз ташуу боюнча техникалык нускамалар ( Док 9284), ИКАО Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте бекитилет жана мезгил-мезгили менен чыгарылат.
Бекитүү - тийиштүү улуттук орган тарабынан берилген уруксат:
7) жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү ташуучу аба кемелеринде ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөрдү ташуу, эгерде Техникалык нускамаларда мындай жүктөрдү бекитүү менен ташууга мүмкүн экендиги көрсөтүлсө; же
8) Техникалык нускамада көрсөтүлгөн башка максаттар.
Эскертүү: Техникалык нускамада уруксат берүүгө уруксат берүүчү конкреттүү шилтеме жок болгон учурда, бошотуу суралышы мүмкүн.
Учуу экипажынын мүчөсү - лицензиясы бар экипаж мүчөсү аба кемесин эксплуатациялоого байланыштуу милдеттерди учуу убактысында дайындайт.
Экипаж мүчөсү – эксплуатант тарабынан аба кемесинин бортунда учуу нөөмөт убактысында конкреттүү милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган адам.
Эксплуатант - аба кемелерин эксплуатациялоо менен алектенген же ушул чөйрөдө анын кызматтарын сунуштаган адам, уюм же ишкана.
2. Бул авиациялык эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары учкан жарандык аба кемелеринде, ошондой эле анын аба мейкиндигинде кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салат.
3. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-августу № 218 Аба кодексинин талаптарына жана 1944-жылдагы Чикаго конвенциясынын 18-тиркемесине, анын ичинде ИКАОнун Техникалык нускамаларынын жоболоруна ылайык иштелип чыккан ( Док 9284).
4. Бул авиациялык эрежелер негизги максаты кооптуу жүктөрдү коопсуз ташууну, авиациялык кырсыктардын жана инциденттердин тобокелдиктерин төмөндөтүүнү, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуучу натыйжалуу башкаруу системасын түзүү болуп саналат.
5. Бул Эрежелер тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын аймагына/ аймагынан учууларды жүзөгө ашырган же кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу менен алектенген бардык эксплуанттарга, жүк жөнөтүүчүлөргө жана башка адамдарга, уюмдарга жайылтылат.
6. Кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагы аркылуу ташууга талап кылынган уруксаттарды алуу жөнүндө суроо-талап Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органынын (мындан ары - КР ЖАО) тиешелүү электрондук дарегине 24 сааттын ичинде, бирок жөнөтүүнүн белгиленген убактысына чейин 6 сааттан кем эмес убакытта төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жөнөтүлөт:
7. дата;
8. рейс номери;
9. тиешелүү жүктүн аталышы;
10. БУУнун номери;
11. класс же категория;
12. таңгактоо тобу;
13. таңгактын саны жана түрү;
14. кооптуу жүктөр жүктөлө турган/түшүрүлө турган аэродром.
15. Аба менен кооптуу жүктөрдү ташуучу бардык эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр жана кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен алектенген башка уюмдар Техникалык нускамада көрсөтүлгөн толугу менен белгиленген жоболордун сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Алар ошондой эле Техникалык нускамаларды жарыялоонун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде жарыяланышы мүмкүн болгон ар кандай оңдоолордун жоболоруна шайкеш келүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшөт.
16. КР ЖАО ИКАОго Техникалык нускамаларды колдонуудан келип чыккан кыйынчылыктар жана бул нускамаларга киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайт.
17. Техникалык нускамаларга дароо колдонулуучу түзөтүү коопсуздук себептери али колдонууга киргизиле электигине карабастан, КР ЖАО ушул түзөтүүнүн жоболоруна ылайык башка Келишим түзүүчү мамлекеттен жөнөтүлгөн кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде алып өтүүгө, эгерде бул товарлар кайра каралган талаптарга толук жооп берген шартта көмөк көрсөтөт.
18. Эгерде, Кыргыз Республикасы Техникалык нускамаларда каралгандардан айырмаланган жоболорду кабыл алса, анда КР ЖАО мындай айырмачылыктар жөнүндө аларды Техникалык нускамаларда жарыялоо үчүн, ошондой эле бекитилген Нускамага ылайык КР ЖАО эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине (мындан ары- КРАЭ) киргизүү үчүн ИКАОнун сунуш кылынган практикасын сактоо же алар менен айырмачылыктар болгону жөнүндө кабарлоо токтоосуз билдирилет.
19. КР ЖАО ушул Эрежелердин 4-бөлүмүнүн 7-пунктунун жоболору менен айырмачылыктары жөнүндө Конвенциянын 38-беренесине ылайык, эгерде ал Техникалык нускамалардын милдеттүү мүнөзүн кабыл ала албаса гана билдирет. Эгерде КР ЖАО тарабынан Техникалык нускамада каралгандан айырмаланган жоболор кабыл алынса, КР ЖАО бул жөнүндө ушул Эрежелердин 5- бөлүмүнүн жоболоруна ылайык гана билдирет.
20. Эксплуатант Техникалык нускамаларда каралгандан бир кыйла чектөөчү талаптарды кабыл алган учурларда, эксплуатант КР ЖАО билдирүүгө милдеттүү, ал өз кезегинде Техникалык нускамада жарыялоо үчүн мындай карама-каршылыктар жөнүндө ИКАОго билдирүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.
21. Коопсуздукту камсыз кылуу жана кооптуу жүктөрдү ташуудагы кечиктирүүлөрдү азайтуу максатында, ушул Эрежелердин жоболорун жана ички авиакомпанияларда жарандык аба кемелеринин учуусунда кооптуу жүктөрдү сертификаттоо жол-жоболору боюнча нускаманы сактоо үчүн зарыл чараларды көрүү керек.
22. КР ЖАО аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр, ар кандай жактар, уюмдар тарабынан ушул Эрежелердин жоболорунун сакталышын камсыз кылуучу тиешелүү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) жарандык авиация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүп, ишке ашыруучу, координация, контролду жана стратегиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле аба транспорту чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-августундагы № 218 «Аба кодексине» жана 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобусуна» ылайык жүргүзөт.
24. Аба транспорту менен ташылган бардык кооптуу жүктөр эл аралык стандарттарга ылайык классификацияланууга,физикалык жана химиялык мүнөздөмөлөрүнө жараша класстарга бөлүнүүнү камтууга тийиш.
Эскертүү: Кооптуу жүктөрдүн класстарынын толук аныктамалары КР ЖАО кооптуу жүктөр чөйрөсүндө сертификациялоонун жол-жоболору боюнча нускамада камтылган. Бул класстар кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен байланышкан коркунучтун мүмкүн болуучу түрлөрүн аныктайт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эксперттер комитети тарабынан сунушталат.
25. КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө Нускамада баяндалган жол-жоболор менен аныкталган учурларды кошпогондо, аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынат .
26. Бул төмөнкүлөргө тиешелүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына/сыртына же анын чегинде кооптуу жүктөрдү ташыган аба кемелеринин эксплуатанттарына;
2) Жерде тейлөөчү агенттер, жүк жөнөтүүчүлөр жана алардын агенттери жана персоналдары; жана
3) Колго көтөргөн жүгүндө же катталган багажында кооптуу жүктөрдү ташыган жүргүнчүлөр.
27. Ушул бөлүктүн максаттары үчүн жүк жөнөтүүчү деп жүк жөнөтүүчү жана/же кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга даярдаган ар кандай жакты билдирет.
28. КР ЖАО кызыктар мамлекет болуп саналган учурларда, КР ЖАО чечиминин негизинде ушул Эрежелердин жоболорун сактоо менен камсыз кылынган аба кемелери аркылуу кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздуктун эквиваленттүү деңгээлине жетүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди жасоо шартында ушул Эрежелерден бошотууну бере алат. КР ЖАО жана/же кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен коопсуз ташуу боюнча техникалык нускама (ИКАО Док 9284 АН/905) (мындан ары - Техникалык нускама).
29. Кызыктар мамлекеттер кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздуктун жалпы деңгээлине жетүү үчүн мүмкүн болгондун бардыгы жасалса, бошотуу бере алат.
Эскертүү: бошотууларды сунуштоо максатында "кызыктар мамлекеттер " болуп жөнөтүүчү, эксплуатациялоочу, транзит, учуу жана көздөгөн жакка баруучу мамлекеттер саналат.
30. Ушул бөлүмдүн (23) жана (24) пункттарынын жоболорун эске алуу менен, ушул бөлүк Техникалык нускаманын 1 ден8-бөлүктөрүнө чейинкөрсөтүлгөн кооптуу жүктөргө, анын ичинде буюмдарга жана заттаргажобо көрсөтүлгөн, эгерде алар:
31. 1-бөлүгүнө ылайык техникалык көрсөтмөлөргө баш ийбеген,
32. Учууга жарамдуулугуна жана эксплуатациялык талаптарга ылайык аба кемесинин бортунда талап кылынган,
33. Техникалык нускамалардын 8-бөлүгүнө ылайык жүргүнчүлөр же экипаж мүчөлөрү тарабынан ташылат,
34. Катталган багажда.
35. Ушул бөлүмдүн (22) (б) жана (в) пункттарында көрсөтүлгөн буюмдар үчүн запастык бөлүктөрү катары каралган же алмаштыруу үчүн алынган буюмдар жана заттар, Техникалык Нускаманын 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ушул бөлүккө ылайык аба кемеси менен ташылууга тийиш.
36. Ушул бөлүмдүн (1) пунктуна ылайык ушул бөлүктөн алынып салынган кооптуу жүктөрдү, эгерде бул жүктөр Техникалык нускаманын 1- жана 8-бөлүктөрүнүн колдонуудагы талаптарына ылайык ташылган болсо гана аба кемесинин бортунда ташылышы мүмкүн.
37. Кооптуу жүктөрдү таңгактоо ушул главанын жоболоруна жана КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө Нускамада баяндалган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
38. Кооптуу жүктөрдү аба менен ташуу үчүн колдонулган таңгактар температуранын, нымдуулуктун же басымдын өзгөрүшүнөн же титирөөдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон агып чыгууну болтурбоо үчүн жасалган жана бекем жабылган сапаттуу идиштер болушу керек.
39. Таңгактоочу топтомдор ички түзүлүшүнө туура келет. Кооптуу жүктөр менен түздөн-түз байланышта болгон таңгактоочу агрегаттар мындай товарлардын ар кандай химиялык же башка таасирине туруштук берүү жөндөмүнө ээ.
40. Таңгактоочу топтомдор материалдарга жана конструкцияларга коюлган техникалык талаптарга жооп берет.
41. Таңгактоочутоптомдор (комплекттер) Техникалык нускамалардын жоболоруна ылайык сыноодон өткөрүлөт.
42. Негизинен суюктуктарды ташуу үчүн арналган таңгактоочу топтомдор басымга туруштук берип, агып кетпөө жөндөмүнө ээ.
43. Ички таңгактоочу комплекттер аба менен ташуунун кадимки шарттарында сырткы таңгактоочу комплекттин (комплекттердин) ичинде алардын жылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу үчүн таңгакталат, корголот жана прокладкалар менен жабдылат. Прокладка жана абсорбент материалдар таңгактоочу комплекттердин ичиндегилер менен коркунучтуу өз ара аракеттенүүгө кирбеши керек.
44. Эч кандай таңгак комплекти коррозия же башка бузулуулар жок экенин аныктаган текшерүүдөн өтмөйүнчө кайра колдонулбайт. Таңгактоочу комплект кайра колдонулган учурларда, жаңы мазмундун булганышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.
45. Эгерде бош тазаланбаган таңгактоочу комплекттер алардын мурдагы түзүлүшүнүн мүнөзүнө жараша коркунуч жаратышы мүмкүн болсо, алар тыгыз жабылат жана келтирген коркунучка жараша кайра иштетилет.
46. Жүк ташуучу жайдын сыртында зыян келтире турган өлчөмдөгү кооптуу заттар болбошу керек.
4- бөлүм Маркировкалоочу белгилерди коюу
§ 1. Белгилер
47. Эгерде КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускамасында башкача каралбаса, кооптуу жүктөрдү камтыган ар бир жер Техникалык нускамада белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү маркировкалык белгилер менен камсыз кылынууга тийиш.
48. Эгерде КР ЖАО кооптуу жүктөр чөйрөсүндө сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускамада башкача каралбаса, кооптуу жүктөрдүн ар бир таңгагында анын мазмунунун тийиштүү ташуу аталышы жана эгерде берилген болсо, БУУнун номери жана Техникалык нускамада көрсөтүлүшү мүмкүн болгон башка маркалоо белгиленет.
49. Таңгактоочутоптомдорготехникалык талаптар менен маркалоо. Эгерде КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускамада башкача каралбаса, техникалык талаптарга ылайык даярдалган ар бир таңгак топтомуна Техникалык нускаманын тиешелүү жоболоруна ылайык маркировка коюлат. Бир да таңгак топтому, эгерде ал Техникалык нускамада камтылган таңгактоо талаптарына жооп бербесе, топтом боюнча техникалык талаптар менен маркировка менен камсыз кылынбайт.
50. Эгерде кооптуу жүктөрдү жөнөтүүчү мамлекет башка мамлекет болсо, кооптуу жүктөргө байланыштуу маркировка англис тилинде жүргүзүлүшү керек.
51. Эгерде кооптуу жүктөрдү жөнөтүүчү мамлекет Кыргыз Республикасы болсо, кооптуу жүктөргө байланыштуу маркировка англис тилинде жүргүзүлүшү керек.
52. Аба менен ташуу үчүн кандайдыр бир жүк ордун же кооптуу жүк салынган тышкы таңгакты сунуштоонун алдында жөнөтүүчү бул кооптуу жүктөрдү аба менен ташууга тыюу салынбагандыгына жана тийиштүү түрдө классификациялангандыгына, таңгакталгандыгына, маркалангандыгына, белгилер коюлгандыгына жана КР ЖАО кооптуу жүктөрдү ташуу жаатында сертификациялоо жол-жоболору боюнча Нускамасында жана Техникалык нускамада көрсөтүлгөндөй кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча тиешелүү түрдө таризделген документ менен коштолгондугун ынандырат.
53. Аба транспорту үчүн кооптуу жүктөрдү ташууну сунуштаганга чейин даярдоого катышкан бардык персонал ушул Эрежелердин 8-бөлүмүнүн талаптарына ылайык аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн окуудан өтүшү керек.
54. Эгерде КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускамада башкасы белгиленбесе, кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташууга сунуштаган жак Техникалык нускамада талап кылынган маалыматтарды камтыган кооптуу жүктөрдү ташуу документин даярдайт, кол коет жана эксплуатантка өткөрүп берүүгө милдеттүү.
55. Ташуу документи жүк жөнөтүүчү кол койгон декларацияны камтыйт, анда ал ташуу үчүн сунуш кылган кооптуу жүк алардын тийиштүү жүк ташуу аталыштары боюнча толук жана так идентификацияланганын жана алар классификацияланганын, таңгакталганын, маркаланганын, маркировкаланганын жана тиешелүү эрежелерге ылайык аба транспорту менен ташуу үчүн талаптагыдай абалда экендигин тастыктайт.
56. Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн документ сөзсүзанглис тилинде толтурулушу керек.
45. Эксплуатант учууларды жүргүзүү боюнча колдонмону же кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жол-жоболорду жана КР ЖАО кооптуу жүктөр жаатында сертификациялоо жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык персоналды кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программасын баяндаган башка тиешелүү колдонмону (кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча колдонмону) иштеп чыгууга, КР ЖАО берүүгө тийиш.
9) Эксплуатанткооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу жөнүндө чечим кабыл алуунун алдында аны баалоого, иштетүүгө жана ташууга катышкан бардык персонал Техникалык нускамалардын жана ушул Эрежелердин 8-бөлүмунүн талаптарына ылайык өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн тийиштүү даярдыктан өткөндүгүн камсыз кылууга тийиш.
10) Эксплуатанттар кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кандайдыр бир келишимдик макулдашууларды түзүүдөн мурун төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
57. абада ташуу үчүн кооптуу жүктөрдү кабыл алууну, таңгактоону, иштетүүнү, жүктөөнү, түшүрүүнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу жер үстүндө тейлөө боюнча агенттин / жүк жөнөтүүчүнүн / агенттин персоналы КР ЖАО кооптуу жүктөрдү жаатында сертификациялоо жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык даярдалган.
58. Жерде туруп тейлөө боюнча агент кооптуу жүктөрдү кабыл алууну, жүктөөнү, түшүрүүнү, берүүнү, коштоочу документтерди КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификаттоо жол-жоболору боюнча Нускамасынын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө тариздейт.
59. Кооптуу жүктөрдү кабыл алууну ырастоо үчүн текшерүү баракчаларын колдонот.
11) Эксплуатант ташуу үчүн даярдалган кооптуу жүктөрдү кабыл албайт, эгерде:
60. кооптуу жүктөр, мындай документтин болушу талап кылынбаган учурларды кошпогондо, кооптуу жүктөрдү ташуу толтурулган документ менен коштолбосо; жана
61. кооптуу жүктөрдү камтыган жүк даанасы, сырткы таңгагы же жүк контейнери Эксплуатант тарабынан белгиленген жол-жоболор жана текшерүү баракчаларына ылайык таризделбегенде.
62. КР ЖАО кооптуу жүктөр чөйрөсүндө сертификациялоонун жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык окутулбаган болсо .
12) Эксплуатант кооптуу жүктөрдү кабыл алуу 2- параграфтын жоболорунун сакталышын камсыз кылуу үчүн текшерүү баракчасын иштеп чыгууга жана колдонууга тийиш.
13) Эксплуатант кооптуу жүктөрдү камтыган таңгактарды, сырткы таңгактарды, ошондой эле радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк контейнерлерин аба кемелерине жүктөө жана аларды жайгаштыруу КР ЖАО кооптуу жүктөр чөйрөсүндө сертификациялоонун жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
14) Кооптуу жүктөрдү камтыган таңгактарды жана ашыкча таңгактарды жана радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк контейнерлерин учакка же жүктөө бирдигине жүктөөнүн алдында агып кетүү же бузулуу белгилерин текшерүү керек. Аккан же бузулган таңгактарды, ашыкча таңгактарды же жүк контейнерлерин учакка жүктөөгө болбойт.
15) Бирдик жүктөөчү түзүлүш аба кемесинде камтылган кооптуу жүктүн агып кетүүсүнүн же бузулуусунун жоктугун текшерүү үчүн текшерилмейинче, учакка жүктөөгө болбойт.
16) Аба кемесине жүктөлгөн кооптуу жүктөрдүн кандайдыр бир таңгагынын бузулганы же агып жатканы аныкталса, эксплуатант мындай таңгакты аба кемесинен алып салууга же тиешелүү орган же уюм тарабынан алып чыгууну уюштурууга милдеттүү. Эксплуатант ошондой эле жүктүн калган бөлүгүн абада ташууга ылайыктуу абалда экендигин жана башка таңгактардын булгануудан корголушун камсыз кылууга тийиш.
17) Кооптуу жүктөрдүн таңгактары же ашыкча таңгактары жана радиоактивдүү заттарды камтыган жүк контейнерлери аба кемесинен же жүк жүктөөчү түзүлүштөн түшүрүлгөндө бузулуу же агып кетүү белгилери боюнча текшерилет. Эгерде бузулуу же агып кетүү белгилери аныкталса, аба кемесинин бортунда кооптуу жүктөр же бирдик жүктөөчү түзүлүштөр коюлган аймак бузулуу же булгануу үчүн текшерилет.
18) Эксплуатант төмөнкү чектөөлөрдү сакташы керек:
63. Жалпы. Кооптуу жүктөрдү камтыган таңгактар жана транспорттук таңгактар, ошондой эле радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк контейнерлери КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускаманын талаптарына ылайык аба кемесинде жүктөлүшү, бөлүнүшү, жайгаштырылышы жана сакталышы керек.
64. Жүргүнчүлөр кабинасы жана экипаж кабинасы. Жүргүнчүлөр ээлеген аба кемесинин кабинасында же экипаждын кабинасында кооптуу жүктөрдү ташууга КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун тартиби жөнүндө нускамада каралгандан башка учурларда тыюу салынат.
65. Жүк ташуучу учактарда гана ташуу үчүн арналган кооптуу жүктөр. "ЖҮК УЧАГЫ ГАНА" деген белгиси бар кооптуу жүктөр салынган таңгактар КР ЖАО кооптуу жүктөр тармагындагы сертификациянын жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык жүктөлүшү керек .
66. Кооптуу жүктөрдү камтыган жүктөрдү камсыздоо. Кооптуу жүктөрдү аба кемесине жүктөөдө алар бузулуудан корголушу керек жана пакеттердин багытын өзгөртө турган учуу учурунда кандайдыр бир кыймылга жол бербөө үчүн аба кемесинде бекитилүүгө тийиш.
19) Кооптуу жүктөрдүн агып кетүүсүнөн же бузулушунан келип чыккан ар кандай булгануу дароо алынып салынат жана ар кандай коркунучту жоюу үчүн чаралар көрүлөт.
20) Радиоактивдүү материалдар менен булганган аба кемеси колдонуудан токтоосуз чыгарылат жана ар кандай жеткиликтүү беттеги радиациянын деңгээли жана туруктуу эмес булгануу КР ЖАО кооптуу жүктөрдү сертификациялоонун жол-жоболору жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн маанилерден ашмайынча эксплуатацияга кайтарылбайт.
21) Эксплуатант жүргүнчүлөрдү каттоого, аэропортто жана аэродромдон тышкаркы жерлерде жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышкан персоналдын жүргүнчүлөр ташыган кооптуу жүктөрдү аныктоо жана аныктоо үчүн тийиштүү түрдө окутулушун камсыз кылууга тийиш.
22) Кооптуу жүктөрдү ташыган аба кемеси учуп кетердин алдында эксплуатант аба кемесинин командирине (туруктуу жана айлануучу канатты) мүмкүн болушунча эртерээк жазуу жүзүндөгү маалыматты (NOTOC) берүүгө тийиш.
23) АКК тарабынан кол коюлган жазуу жүзүндөгү маалыматтын окула турган көчүрмөсү жерде учуу аяктаганга чейин оңой жетүүгө мүмкүн болгон жерде сакталууга тийиш. Бул көчүрмө же анда камтылган маалымат эксплуатанттын персоналы же өкүлдөрү үчүн акыркы учуунун жана кийинки пландаштырылган келүүнүн аэродромдоруна маалымат тиешелүү болгон учуу аяктаганга чейин жеткиликтүү болууга тийиш.
24) АККүчүн жазуу жүзүндөгү маалыматтын көчүрмөсү, анын электрондук көчүрмөсү учуу аэропортунда же эксплуатанттын негизги иштеген жеринде 90 күн бою сакталат жанаКР ЖАО суроо-талап боюнча берилет.
25) Толугу менен же жарым-жартылай Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары рейсте кооптуу жүктөрдү ташууда АККне берилген жазуу жүзүндөгү маалымат англис тилинде болушу керек.
26) Эксплуатант учуу экипажына кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн өзүнүн эксплуатациялоо боюнча нускамасында же башка тиешелүү нускамада (кооптуу жүктөрдү пайдалануу боюнча нускамада) маалымат берүүгө жана кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда өзгөчө кырдаал болгон учурда көрүлө турган иш-аракеттер жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
27) Эксплуатанттар жана жерде тейлөөчү агенттер жүргүнчүлөргө аба кемесинин бортунда ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр жөнүндө маалымдашы керек. Кабарлоо системасы алардын учуу боюнча нускамасында же башка тиешелүү колдонмолордо (кооптуу жүктөр боюнча колдонмо) көрсөтүлүшү керек.
28) КР ЖАО жүргүнчүлөргө аба кемесинин бортунда алып жүрүүгө уруксат берилбеген кооптуу жүктөрдүн түрлөрү жөнүндө эскертилгендей түрдө эксплуатанттын маалымат берүүсүнө көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
29) Аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу менен алектенген эксплуатанттар /жерде тейлөөчү агенттер/жөнөтүүчүлөр жана башка уюмдар өз персоналына кооптуу жүктөргө байланыштуу милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды берүүгө жана кооптуу жүктөр катышкан өзгөчө кырдаалдарда көрүлө турган иш-аракеттер боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
30) Жүк жөнөтүүчүлөрдү/агенттерди алардын жүк ташууларында камтышы мүмкүн болгон кооптуу жүктөр жөнүндө эскертүү үчүн эксплуатант же эксплуатанттын жүктү тейлөө боюнча агенти кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндө маалыматты камтыган жетиштүү жана так белгиленген билдирүүлөр жүктү кабыл алуу пункттарында көрүнүктүү жерге( лерде ) илинип турушун камсыз кылууга тийиш.
31) Учуу учурунда авариялык кырдаал болгон учурда командир аба кемесинин бортундагы бардык кооптуу жүктөрдү аэропорттун жетекчилигине өткөрүп берүү үчүн аба кыймылын тейлөө боюнча тийиштүү бөлүмгө кабарлайт. Мүмкүнчүлүккө жараша билдирүүдө жүктүн тиешелүү аталышы жана БУУ номери, 1-класс үчүн класс/бөлүм жана шайкештик тобу, ошондой эле зарыл болсо, кандайдыр бир кошумча коркунуч( тар ), аба кемесинин бортундагы кооптуу жүктөрдүн саны жана жайгашуусу камтылууга тийиш же командирге берилген маалыматтын көчүрмөсү алынышы мүмкүн болгон телефон номери көрсөтүлүшү керек. Билдирүүгө бардык маалыматты киргизүү мүмкүн эмес деп эсептелген учурда, билдирүүнүн жагдайларда эң маанилүү болгон бөлүктөрүн же ар бир бөлүмдөгү кооптуу жүктөрдүн санын, классын же категориясын кыскача баяндоо керек.
32) Эгерде:
67. авиациялык кырсык же
68. жүк катары ташылган кооптуу жүк менен коштолушу мүмкүн болгон олуттуу инцидент болгон учурда, Аба кемесинин эксплуататору аварияга же олуттуу инцидентке байланыштуу авариялык кызматтарга аба кемесинин командирине берилген жазуу жүзүндөгү маалыматта камтылган борттогу кооптуу жүк жөнүндө маалыматты токтоосуз түрдө берүүгө милдеттүү. Аба кемесинин эксплуататору мындай маалыматты 72 сааттан кечиктирбестен КР ЖАО анын ичинде авария же олуттуу инцидент болгон тиешелүү органдарга берет .
33) Авиациялык инцидент болгон учурда кооптуу жүктөрдү жүк катары ташыган аба кемесинин эксплуатантынын суроо-талабы боюнча аба кемесинин командирине берилген жазуу жүзүндөгү маалыматта камтылган борттогу кооптуу жүк жөнүндө маалыматты ошол окуяга байланыштуу болгон авариялык кызматтарга жана окуя болгон мамлекеттин тиешелүү органына дароо берүүгө милдеттүү. 72 сааттан кечиктирбестен эксплуатант мындай маалыматты КР ЖАО берүүгө тийиш .
71. Кооптуу жүктөр боюнча баштапкы жана мезгилдик даярдоо программалары Кооптуу жүктөр боюнча персоналды даярдоо боюнча нускамаларга ылайык иштелип чыгып, жаңыланышы керек.
72. Кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программалары бардык эксплуатанттар үчүн каралган, алардын Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксаты бар-жогуна карабастан.
73. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана эксплуатант болбогон уюмдар үчүн (мисалы, кооптуу жүктү кабыл алуу, жүктөө, түшүрүү, жүргүнчүлөрдү каттоо, жүргүнчүлөрдүн, учкучтар курамынын жана алардын багажынын текшерүүсүн жүргүзүү менен алектенген уюмдар) каралган кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программалары КР ЖАО тарабынан белгиленген тартипте бекитилиши керек.
74. Кооптуу жүктөр боюнча дайындалган почта операторлоруна арналган даярдык программалары Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органдары тарабынан бекитилет, анда почта дайындалган почта оператору тарабынан кабыл алынат.
75. Даярдоо программасы бүткөндөн кийин сынак жана окутуунун натыйжалуулугун баалоо өткөрүлүшү керек, материалды өздөштүрүүнү текшерүү максатында. Сынактан жана натыйжалуулук баалоосунан ийгиликтүү өткөндүгү тастыкталышы зарыл.
Даярдоо жөнүндө маалымат жаңыртылган жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) кызматкердин фамилиясы;
2) жыйынтыктоочу окуу жана баалоо курсун аяктаган ай;
3) тренингди өткөрүү үчүн колдонулган окуу материалдарынын сыпаттамасы, алардын көчүрмөсү же аларга шилтеме;
4) персоналды окутууну жүргүзгөн уюмдун аталышы жана дареги,
5) тесттин ийгиликтүү аяктагандыгынын далили жана даярдоонун натыйжалуулугун баалоо.
34) Персоналды окутуунун жана баалоонун эсепке алуулары акыркы окуу аяктаган айдан тартып кеминде 36 айга чейин сакталат жана КР ЖАО суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш.
35) Кооптуу жүктөр боюнча персоналды баштапкы даярдоого жана кайра даярдоого жооптуу инструктоорлор окуу иштерин баштоодон мурун, инструктордук ишмердүүлүктү жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү же компетенттүүлүктү тастыктоочу баалоодон өтүшү керек жана алар окутуучу функцияга тиешелүү болушу зарыл.
36) Кооптуу жүктөр боюнча персоналды баштапкы даярдоого жана кайра даярдоого жооптуу инструктоорлор мындай курстарды кеминде ар 24 ай сайын өткөрүшү керек, ал мүмкүн болбосо – кайра даярдоо өтүшү зарыл.
§ 1. Текшерүү системалары
37) КР ЖАО тарабынан ушул Регламентте каралган функцияларды аткаруучу бардык уюмдар (анын ичинде таңгактоочулар, жүк жөнөтүүчүлөр, жердеги тейлөөчүлөр жана эксплуатанттар) үчүн бул талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү текшерүүнүн жол-жоболору белгиленген .
Эскертүү 1: Бул жол-жоболор төмөнкүлөрдү камтыйт:
a. уюмдар тарабынан даярдалган, берилген, кабыл алынган же ташылган кооптуу жүктөрдү камтыган жүктөрдү текшерүү;
b. уюмдардын ишин текшерүү;
c. мүмкүн болгон бузууларды иликтөө.
38) КР ЖАО башка мамлекеттердин башка компетенттүү органдары менен бирдикте мындай бузууларды четтетүү максатында кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузууга байланышкан биргелешкен аракеттерди көрөт. Биргелешкен аракеттерге текшерүүлөрдү координациялоо жана ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыздоого багытталган чараларды камтышы мүмкүн; жөнгө салынуучу тараптын ылайык келүү тарыхы боюнча маалымат алмашуу; биргелешкен аудит жүргүзүү жана башка техникалык маселелер боюнча кызматташуу; техникалык персоналды алмаштыруу; жана биргелешкен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүү.
39) Бул компетенттүү органдардын ортосунда алмашылышы мүмкүн болгон тиешелүү маалымат коопсуздук эскертүүлөрүн, бюллетендерди же кооптуу жүктөр боюнча кеңештерди камтыйт; сунушталган жана аткарылган ченемдик укуктук актылар; окуя боюнча отчеттор; окуяны иликтөөдө алынган документалдык жана башка далилдер; ылайык келүү боюнча сунушталган жана акыркы аракеттер; жана жалпы жайылтууга арналган маалыматтык/жарнамалык материалдар.
40) Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аба кемелеринин бортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн тиешелүү жаза чаралары каралган.
41) КР ЖАО кооптуу жүктөргө байланыштуу өз эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт, анын ичинде мындай операцияларды жүргүзүү укугун берген уруксатты токтотуу же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камтыйт, эгерде башка компетенттүү органдан бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн болсо. Мисалы, кооптуу жүктөрдүн партиясы келип түшкөндө Техникалык нускамалардын талаптарына жооп бербесе, бул тууралуу жөнөтүүчү мамлекетке, эгер ал Кыргыз Республикасы болсо, кабар берилет.
42) Эгерде почта операторунун, почта операторунун агентинин же эксплуатанттардын атынан почта жөнөтүүлөрүн кабыл алууну, жүктөөнү, түшүрүүнү же иштетүүнү жүзөгө ашыруучу мекеменин кызматкерлери тиешелүү даярдыктан өтпөсө, Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарына кооптуу жүктөрдү камтыган почта жөнөтмөлөрүн ташууга тыюу салынат.
43) Кооптуу жүктөрдү камтыган почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуунун алдында Кыргыз Республикасынын эксплуатанттары почта операторунун кызматкерлеринде, почта операторунун агентинде же эксплуатанттардын атынан почта жөнөтмөлөрүн кабыл алууну, жүктөөнү, түшүрүүнү же иштетүүнү жүзөгө ашыруучу мекеменин даярдыгынын бар экендигин текшерүүгө тийиш.
Эскертүү 1. Дүйнөлүк почта союзунун (ДПС) Конвенциясынын жоболоруна ылайык, техникалык нускамада каралгандан башка учурларда кооптуу жүктөрдү почта аркылуу жөнөтүүгө болбойт.
Эскертүү 2. ДПС аба транспорту менен ташуу үчүн кооптуу жүктөрдүн почта жөнөтүүлөрүн контролдоо жол-жоболорун белгилеген (БПУнун Почта Почтасынын Регламентин жана ДПСнун Кат Почтасынын Регламентин караңыз).
Эскертүү 3. Аба транспорту үчүн почталык кооптуу жүктөрдүн жөнөтүүлөрүн контролдоо боюнча дайындалган почта операторлору тарабынан белгиленген жол-жоболор боюнча колдонмо материал Техникалык нускамалардын тиркемесинде камтылган (S-1-бөлүк, 3-бөлүм).
44) Кооптуу жүктөр менен болгон авариялардын жана инциденттердин кайталанышына жол бербөө үчүн аварияларды жана инциденттерди иликтөө боюнча компетенттүү орган кооптуу жүктөрдү башка мамлекеттен же башка мамлекетке ташуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мындай авариялар жана инциденттер жөнүндө маалыматтарды иликтөөнүн жана чогултуунун жол-жоболорун белгилейт. Бул отчеттордун көчүрмөлөрү КР ЖАО берилет .
45) Кооптуу жүктөр менен болгон авариялардын жана инциденттердин кайталанышын болтурбоо үчүн аварияларды жана инциденттерди иликтөө боюнча ыйгарым укуктуу орган 1-пунктта көрсөтүлгөндөн тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мындай авариялар жана инциденттер жөнүндө маалыматтарды териштирүүнүн жана чогултуунун жол-жоболорун белгилейт. Бул отчеттордун көчүрмөлөрү КР ЖАО берилет.
46) Жүктө декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган кооптуу жүктөрдү ташуу учурларынын кайталанышына жол бербөө максатында КР ЖАО башка мамлекеттен же башка мамлекетке кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан мындай учурлар боюнча маалыматтарды териштирүү жана чогултуу тартибин белгилеген.
47) Эксплуатант болуп саналбаган жана жеке ээлигинде кооптуу жүктөрү бар уюмдар кооптуу жүктөр менен байланышкан окуя же инцидент болгон же инцидент болгон факты аныкталган учурда отчеттуулуктун талаптарын аткарышы керек. Эксплуатант болуп саналбаган, декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган кооптуу жүктөрдү тапкан уюмдар КР ЖАО коркунучтуу жүктөр жаатында сертификациялоо жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык отчет берүүгө карата талаптарды аткарышы керек. Бул уюмдардын катарына жүк экспедиторлору, коопсуздук максатында текшерип кароо менен алектенген бажы органдары же кызматтар кириши мүмкүн, бирок алар менен чектелбейт.
48) КР ЖАО кооптуу жүктөрдүн авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүк жөнөтүүчүлөргө, эксплуатанттарга жана кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу процессине катышкан башка адамдарга карата колдонулуучу чараларды киргизет, булар адамдардын өмүрүнө, мүлкүнө же айлана - чөйрөгө коркунуч келтириши мүмкүн болгон кооптуу жүктөрдү уурдоо же туура эмес пайдалануу учурларын минималдаштыруу максатында колдонулууга тийиш.
49) Кооптуу жүктөрдү даярдоодо авиациялык коопсуздуктун аспектилери менен таанышуу элементтери камтылууга тийиш.
50) Эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптар авиациялык коопсуздук программасын кабыл алууга, ишке ашырууга жана колдоого милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
6) тиешелүү компетенцияга, квалификацияга жана ыйгарым укуктарга ээ адамдардын ортосунда авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди конкреттүү бөлүштүрүү;
7) кооптуу жүктөр же ташылып жаткан кооптуу жүктөрдүн түрлөрү боюнча каттоо маалыматтары;
8) учурдагы операцияларды талдоо жана аялуу факторлорун баалоо, анын ичинде транспорттун бир түрүнөн экинчисине которуу, транзиттик жүктү убактылуу сактоо, конкреттүү жагдайларга жараша жүктөрдү иштетүү жана бөлүштүрүү;
9) окутуунун негизги максаттарын жана принциптерин (анын ичинде жогорку кооптуу жол-жоболор, жаңы кызматкерлерди текшерүү/жумушка орношуу алдында текшерүү ж.б.), оперативдүү практикалар (мисалы, убактылуу сактоодогу кооптуу материалдарга жетүү, аялуу инфраструктурага жакын болуу ж.б.), коопсуздук тобокелдиктерин азайтуу үчүн колдонула турган жабдыктарды жана ресурстарды камтыган көрүлө турган чаралардын так баяны;
10) коопсуздук коркунучтары, коопсуздуктун бузулушу же коопсуздук инциденттери жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды жоюунун натыйжалуу жана заманбап ыкмалары;
11) авиациялык коопсуздук программаларын баалоо жана бекитүү методдору, ошондой эле бул программаларды мезгил-мезгили менен карап чыгуу жана жаңыртуу ыкмалары;
12) программада камтылган транспорттук маалыматты коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар;
13) транспорт жөнүндөгүмаалыматтын таркатылышын мүмкүн болушунча чектөө боюнча чаралар.