Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 8-сентябры ПТ № 172
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо жол-жобосун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Мындай сертификат жок болгон учурда, талапкер тиешелүү тестирлөөдөн белгиленген тартипте өтүүгө жана жогоруда белгиленген көчүрмөнү кызмат ордуна дайындалгандан кийин үч айдын ичинде берүүгө милдеттүү.
Ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык кызмат орундарына мурда дайындалган адамдар, алар башка кызмат ордуна дайындалган учурда, соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкатты, тартиптик жазанын жок/бар экендиги жөнүндө маалыматты берет.";
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- улуттук коопсуздук жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү талапкерге (талапкерлерге) карата материалдарды чогултуудан жана маалыматтарды текшерүүдөн турган талапкерге (талапкерлерге) атайын текшерүүнү уюштурат. Кызматтык зарылдык болгондо кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тиешелүү сунуш келип түшкөнгө чейин атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу;";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Атайын текшерүү жана маектешүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:
- ээлеген кызмат ордунда 12 айдан кем иштеген кызмат адамдарына, алар башка бош кызмат орундарына сунушталган учурда;
- мамлекеттик органдын, уюмдун, мекеменин, ишкананын аталышы өзгөргөнүнө байланыштуу кайрадан дайындалган адамдарга.
Маектешүү төмөнкү адамдарга карата жүргүзүлбөйт:
- негизги кызматкер убактылуу жок болгон мезгилинде (бала багуу боюнча өргүү, окуу) дайындоого талапкер болгон;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын, Президенттин Администрациясынын башкы экспертинин, мамлекеттик инспекторунун, инспекторунун, экспертинин, Президенттин Архивинин кызматкерлеринин кызмат орундарына талапкер болгон.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт.
Маектешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши, күтүүлөрү, мотивациясы тууралуу көз караштары аныкталат.
Төмөнкү учурда (өргүү, кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык ж.б.):
- Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси же Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги жок болгон учурда маектешүү алардын орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) жок болгон учурда кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери тарабынан маектешүү баракчасында бул тууралуу тийиштүү белги коюлат жана талапкердин документтерин андан ары иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат.
Маектешүү өткөрүүнүн ар бир этабында ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маектешүү баракчасы толтурулат. Талапкерге карата сын пикирлер жана сунуштар болгондо маектешүү баракчасына өзгөчө пикир менен кол коюлушу мүмкүн (негиздеме тиркелет).".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |