Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 610
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл
алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин
күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди киргизүү жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
– 42-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы/“Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу жүзөгө ашырылат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 422, 423-пункттар менен толукталсын:
“422. Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча онлайн-кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисине кирүү мүмкүндүгүн алышат жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында идентификациялоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
Мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктүн ордуна Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы/”Түндүк” мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер аркылуу Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн онлайн-форматта берүү төмөнкү учурларда мүмкүн болот:
– айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү аяктаса;
– ээсинин айдоочулук күбөлүктө камтылган жеке маалыматтары өзгөрсө;
– эгерде айдоочулук күбөлүк эскирүүнүн, бузулуунун же башка себептердин натыйжасында андан ары пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса жана анда (же анын бөлүгүндө) көрсөтүлгөн маалыматтарды визуалдуу түрдө аныктоого мүмкүн болбосо;
– айдоочулук күбөлүк жоголсо.
Кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөндүгүн ырастаган электрондук документ болгондо берилет, анын берилген датасы 12 айдан ашпоого тийиш.
Улуттук айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервисинде улуттук айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн арыз ээсине төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:
– фотоидентификациялоодон өтүү;
– онлайн-арыз берүү;
– арыз берүүдө “Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу” же “Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда аны калыбына келтирүү” кызмат көрсөтүүсүн тандоо;
– айдоочулук күбөлүктү почта байланышы аркылуу жеткирүү дарегин көрсөтүү (зарылдыгына жараша);
– айдоочулук күбөлүк үчүн түзүлүштүн камерасынын жардамы менен арыз ээсин сүрөткө тартуу каралган фотоидентификациялоо жол-жобосунан өтүү;
– айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төлөө. Төлөм QR-коду боюнча электрондук формада жүргүзүлөт.
Арыз “Айдоочулук курамдын регистри” АМСке жиберилгенден кийин айдоочулук күбөлүктү онлайн-алмаштыруу сервиси автоматтык режимде арыздын кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
Эгерде айдоочулук күбөлүк системада жок болсо же санариптештирилбесе, арыз ээси төмөнкү маалыматтарды киргизүү менен онлайн-санариптештирүүдөн өтүшү керек:
– электрондук почта дареги – автоматтык түрдө толтурулат;
– жарактуу айдоочулук күбөлүктүн сүрөтүн жүктөө (алдынкы жана арткы бети);
– айдоочулук күбөлүктү санариптештирүү үчүн арыз жиберилүүчү бөлүмдү тандоо.
Сүрөттөр туура эмес жүктөлгөн учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери себептерин көрсөтүү менен өтүнмөнү четке кагууга укуктуу.
423. Улуттук айдоочулук күбөлүктү даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып бир жумуш күндөн эки жумуш күнгө чейин болот. Арыз ээси арыздын кароо статусун “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Арыз ээси көрсөтүлгөн дарекке почта аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн биринен улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктү алат.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда мурда берилген айдоочулук күбөлүк милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органга кайтарылууга тийиш.
Жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү жеткирүү, тапшыруу жана мурда берилген айдоочулук күбөлүктөрдү кайтаруу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |