Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-сентябры № 202
2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |