КР 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 202 «2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 20-сентябры № 202
2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |