Редакцияот 18.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 18-сентябры № 3428-VII

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

(“Согуштук абал жөнүндө”, “Өзгөчө абал жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына)

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын долбоорун

биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У. Сыдыков, Э.Р. Сатыбалдиев, М.А. Маматалиев, А.Т. Маткеримов, А. Исатбек кызы, М.Дж. Саккараев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Согуштук абал жөнүндө”, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган конституциялык мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган конституциялык мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев