Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 1-октябры № 205
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 10-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |