МыйзамКүчүндө

КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 205 «2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция01.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 1-октябры № 205

 

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 10-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган