Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкорбаев айыл аймагынын

Кочкорбаев айылдык кеңешинин

2026-жылдын 13-майындагы № 60/XIX-29

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 17-июлу № 24/VIII-28

Тиричилик калдыктарды ташып чыгаруунун  тарифин бекитүү жөнүндө

 

          Кочкорбаев айыл аймагындагы “Кочкорбаев” муниципалдык ишкананын директору Н.Райкеевдин тиричилик калдыктарды ташып чыгаруунун тарифин бекитүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 беренесинин 11-пунктуна, 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, айыл аймактын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, Кочкорбаев муниципалдык ишканасынын зыянсыз жана кирешелүү, ишенимдүү,ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кочкорбаев  айылдык кеңеши

                             

        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кочкорбаев айыл аймагы боюнча таштанды чыгаруу тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

-  Бир адамга  бир айга 60 сомдон, 40 сомун жеке адам өзү төлөйт, 20 сомун жергиликтүү бюджеттин эсебинен.

Уюмдардан жана жеке ишкерлерден бир айга:

- киосктор - 100 сом;

- павильондор -150 сом;

- тандырлар-150 сом;

- дүкөндөр-200 сом;

- кафелер-500 сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңешинин каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.И.Токбергенов