Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 60/XIX-29
Кочкорбаев айыл аймагында тиричилик калдыктарын чыгаруу
боюнча милдеттүү төлөмдү киргизүү жана тарифтерди бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-бересининин 4-пунктуна ылайык, Кочкорбаев айыл аймагында тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча милдеттүү төлөмдү киргизүү жөнүндө “Кочкорбаев” муниципалдык ишканасынын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле айыл аймактын аймагын жакшыртуу жана тазалыкты сактоо максатында Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкорбаев айыл аймагында тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча милдеттүү төлөм киргизилсин.
2. Айыл аймактын ар бир тургуну менен тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча милдеттүү түрдө келишим түзүлсүн.
3. Тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтер төмөнкүдөй бекитилсин:
- бир адамдан айына 40 сом өлчөмүндө;
-уюмдардан жана башка жактардан;
-павильондордон-500 сом;
-дүкөндөрдөн-500 сом;
-кафе,ресторандардан-3000 сом;
-тандырлардан-500;
-АЗС-2000 сом;
-кичине базарлардан-2000 сом
-унаа жуучу жайлардан, унаа оңдоочу жайлардан жб.-2000 сом жана таштанды челектер бар жайлардан бир таштанды челектен 500 сом.
4. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Кочкорбаев айылдык кенешинин 17-июль 2024-жылдагы №24/VIII-28 “Тиричилик калдыктарды ташып чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |