Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры № 600
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун
автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ортосунда электрондук документ жүгүртүү процессинде ыкчам санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жободо:
– 3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн:
– кадрдык башкаруу маселелери боюнча “e-Kyzmat” АМСти пайдаланган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында ээсиздендирилген маалыматтарды жалпылайт жана талдайт;
– “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык жеке маалыматтардын субъектинин аны иштетүүгө макулдугун алууну камсыз кылат;
– “e-Kyzmat” АМСте иштелип чыгуучу жеке маалыматтар массивдерин кармоочу болуп саналат.
“e-Kyzmat” АМСти пайдалануучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар:
– жеке маалыматтар массивдеринде камтылган маалыматтардын актуалдуулугун кармоону, аныктыгын жана толуктугун камсыз кылат;
– киргизилген маалыматтардын укук ченемдүүлүгү, тууралыгы жана өз убагында киргизилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, сот системасынын органдарынан, ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо органдарынан, аскер кызматчылары бөлүгүндө – жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Системада иштелип чыгууга тийиш болгон жеке маалыматтардын ичине мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизилген талапкерлер жана конкурстук жол-жоболордун катышуучулары жөнүндө маалыматтар да кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
“221. “е-Kyzmat” АМСти пайдалануучулар санкцияланбаган жетүүнү, бөгөттөөнү, жайылтууну, берүүнү, ага тете аларды капысынан же санкцияланбаган жок кылууну, өзгөртүүнү же жоготууну болтурбоо үчүн жеке маалыматтарды коргоого жоопкерчилик тартат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |