Загрузка документа…
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине
караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы", "Кыргыз курал" жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканаларынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Аскер Сервис" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "АС" МИ";
- расмий тилде: "ГП "АС" при МО КР".
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Ишкананын Оштогу филиалы бар.
Ишкананын Оштогу филиалынын юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 100.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кустанай көчөсү, 117.
13. Ишкана төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана мамлекеттик башкаруу органынын кызматкерлерин пландуу соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу, гарнизондорго, аскер шаарчаларына, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерге (анын ичинде талаа шарттарында) жайгаштырууда алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин ишин тартипке салуу, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин аракеттерин координациялоого көмөктөшүү.
Ишкана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды ишке ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн камсыз кылуу үчүн курал-жарак, аскердик техника, ок атуучу курал, ок-дарылар, аскердик-техникалык мүлк жана жабдуулар жаатындагы мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик ички сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) улуттук коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн коргоо менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкананын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматкерлерин соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, гарнизондордо, аскердик шаарчаларда, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерде (анын ичинде талаа шарттарында) алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу боюнча түз мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн аткаруу;
3) коргонуу маанидеги программаларды жана социалдык багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
4) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-тиричилик жактан тейлөө;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуусун өркүндөтүү;
6) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияны экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин ишин тартипке келтирүү;
7) Кыргыз Республикасынын коргонуу-өнөр жай комплексинин ата мекендик ишканаларынын экспорттук жана өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү;
8) коргонуу өнөр жайы, улуттук жана жамааттык коопсуздук жаатындагы эл аралык, мамлекеттер аралык жана региондук программаларды ишке ашырууга катышуу;
9) импортту алмаштыруу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо программаларын ишке ашыруу жана коргонуу өнөр жайы жана курулуш чөйрөсүндө инновациялык технологияларды киргизүү;
10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоонун заманбап логистикалык жана сервистик системасын түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарды жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, кызматкерлерин (мындан ары - керектөөчүлөр) соода-тиричилик жактан тейлөөнү аскердик бөлүктөрдүн, аскердик шаарчалардын жана аскердик гарнизондордун аймагында жайгашкан ашканалар, дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу, ошондой эле талаа шарттарында уюштуруу;
3) аскердик шаарчаларда жана талаа шарттарында күнүмдүк керектелүүчү жана аскердик ассортименттеги товарларды сатууну дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык программаларына, ошондой эле илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерге катышуу;
5) эл аралык рынокко ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларын, стратегиялык сырьену жана материалдарды илгерилетүү;
6) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү;
7) продукцияларды жана аскердик, кош жана атайын багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө субъекттердин ишин тартипке келтирүү;
8) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органынын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
9) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды жүзөгө ашыруу;
10) улуттук коргонуу жана аскердик коопсуздук менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик заказды аткаруу;
11) курал-жарактарды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктү оңдоо, модернизациялоо жана утилизациялоо боюнча ишти уюштуруу;
12) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана ата мекендик ишканалар менен аскердик-техникалык кызматташуусуна катышуу;
13) Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу жана аскердик коопсуздук жаатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
14) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндө субъекттердин ортосунда мамлекеттик ортомчу катары чыгуу;
15) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукция боюнча тышкы экономикалык операцияларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик ортомчунун функцияларын аткаруу;
16) келишимдик негизде илимий-изилдөө иштерин аткаруу, өлкөнүн коргонуу кызыкчылыгында жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды ишке киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) туруктуу жана убактылуу жашаган жеринде керектөөчүлөрдү соода-тиричилик жактан тейлөө;
2) коомдук тамактануу тармагын түзүү;
3) тиричилик жактан тейлөө тармагын түзүү (формалык жана башка кийим жана бут кийим тигүү жана оңдоо ательелери жана устаканалары, саат оңдоочу жайлар, фото устаканалары, чач тарач, тиричилик устаканалары, ижарага берүү пункттары ж.б.);
4) көчмө соода-сатыкты уюштуруу (талаа шарттарында, машыгууларда жана соодага байланыштуу башка иш-чараларда);
5) аскер шаарчаларында жана талаа шарттарында күнүмдүк суроо-талаптагы товарларды сатуу;
6) соода-сатык көргөзмөлөрүн, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
7) керектөөчүлүк суроо-талапты изилдөө, Ишкана тарабынан берилген товарларды өнөр жай өкүлдөрү жана башка өндүрүүчүлөр менен макулдашуу, дүң-чекене жарманкелерге катышуу;
8) өнөр жай жана азык-түлүк товарларын сатып алууну уюштуруу, ушул товарларды өндүргөн ишканалар менен жеткирүүчүлөрдүн (сатуучулардын) ортосунда ортомчулук ишин жүзөгө ашыруу;
9) Ишкананын машина куруу-техникалык базасын оңдоо жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу;
10) керектөөчүлөрдү тейлөөнүн формаларын жана методдорун өркүндөтүү, чет мамлекеттердин ушундай уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
11) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоодо мамлекеттик башкаруу органына көмөк көрсөтүү;
12) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагындагы иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышуу;
13) белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүзөгө ашыруу:
а) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган милдеттенмелерин ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле өзүнчө өтүнмөлөр боюнча чет мамлекеттерге аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү;
б) чет мамлекеттерге кош багыттагы техниканы жана технологияларды, стратегиялык маанилүү сырьену, атайын техникалык каражаттарды, ошондой эле атайын суюктуктарды, күйүүчү, майлоочу материалдарды, дарыларды, жарылгыч заттарды жана аскердик, кош жана атайын багыттагы материалдарды, продукцияны, анын ичинде өнөр жай багытындагы материалдарды;
в) атайын багыттагы материалдарды жана аларды өндүрүү үчүн атайын жабдууларды;
г) аңчылык жана спорттук куралды жана аларга ок-дарыларды;
д) өнөр жай жана өндүрүш багытындагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү;
14) эл аралык коргонуу, аскердик-техникалык жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга катышуу;
15) аскердик, кош жана атайын багыттагы технологияларды түзүү максатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди уюштурууга катышуу;
16) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тышкы соода иши чөйрөсүндө консультациялык, юридикалык, маалыматтык, агенттик жана башка кызматтарды көрсөтүү;
17) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды мамлекеттер аралык берүүлөр жаатында сүйлөшүүлөргө жана эл аралык келишимдерге кол коюуга катышуу;
18) аскердик-техникалык кызматташуу маселелеринде мамлекеттик башкаруу органдарынын, тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин иш-аракеттерин координациялоого катышуу;
19) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында Куралдуу Күчтөргө, мамлекеттик башкаруу органына жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнө келип түшүүчү курал-жарактарды, аскердик техниканы жана башка аскердик-техникалык мүлктү бажылык тариздөөнү жүзөгө ашыруу;
20) тышкы соода ишин жүргүзүүдө аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;
21) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча ишканаларды түзүүдө мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерге техникалык жактан көмөк көрсөтүү;
22) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча чет мамлекеттердин катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
23) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ойлоп чыгарууга укуктарды, пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн сатуу (сатып алуу);
24) Куралдуу Күчтөрдү, мамлекеттик башкаруу органын жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүн аскердик жана аскердик-техникалык мүлк жана жабдыктар менен камсыздоо үчүн мамлекеттик ички жана импорттук сатып алууларды жүзөгө ашыруу;
25) аскердик, кош жана атайын багыттагы ата мекендик продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокко чыгаруу максатында жарнамалык жана маркетингдик ишти жүзөгө ашыруу;
26) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө аскердик, кош жана атайын багыттагы ата мекендик продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөлөрүн, окууларды, окуу-күжүрмөн атууларды жана сыноолорду уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
27) коргонуу өнөр жайы чөйрөсүндө инвестициялык, инновациялык жана инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
28) Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн курулуш жана башка материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу жана берүү;
29) долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
30) техникалык сыноолорду, изилдөөлөрдү жана сертификаттоону ишке ашыруу;
31) мамлекеттик органдарга жана ишканаларга аскердик-экономикалык жана тышкы экономикалык иштин маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык, консультативдик жана юридикалык колдоо көрсөтүү;
32) мамлекеттик сырларды, кызматтык маалыматтарды жана жеке маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.
33) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
34) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык зарыл сатып алууларын жүзөгө ашырууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) Уюштуруучунун макулдугу менен өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын жумуштарын аткаруу үчүн жеке жактарды ишке тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жана жеке жактар менен чарбалык келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
7) белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте тараптар менен макулдашуу боюнча акы төлөө менен адистерди ишке тартууга;
8) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Уюштуруучунун макулдугу менен тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
10) зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды Уюштуруучунун макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ижарага келишимдик негизде берүүгө, өткөрүп берүүгө;
12) мамлекеттик жана эл аралык конкурстарга жана тендерлерге, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программаларына катышууга;
13) Уюштуруучу жана мамлекеттик башкаруу орган менен макулдашуу боюнча тышкы экономикалык ишти, анын ичинде продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүзөгө ашырууга;
14) өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттарды, инвестицияларды, кредиттерди жана башка каржылык ресурстарды тартууга;
15) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерин аткарган жана кызматтарын көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
2) Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каржылоону камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
5) Ишкананын керектүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана милдеттүү бардык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так жетекчиликке алууга;
9) мамлекеттик башкаруу органына Ишкананын иши тууралуу ар кварталдык жана жылдык отчетторду берүүгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жарандардын жеке жашоосуна, аброюна жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сыр катары сактоого милдеттүү.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү же Ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
3) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды Уюштуруучуга киргизүү;
4) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн киргизүү;
10) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин андан ары мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга жиберүү үчүн макулдашуу;
12) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндө тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананы финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) Ишкананын жетекчилик курамынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
22. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузгандыгынын ага белгилүү фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананын жетекчиси болуп директор саналат.
24. Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
25. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) иши канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган келерки жылга бюджеттин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизүү;
4) финансылык-чарбалык иш жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында каралган келишимдерди түзүү;
6) банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачуу;
7) банктык жана финансылык документтерге кол коюу жана ишеним каттарды берүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилигинин чечимдерин аткарууну камсыздоо;
9) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу, эмгек акы төлөө өлчөмүн, иштин нөөмөтүн белгилөө, жумуш убактысын суммалап эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилөө;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган иш күндөрүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөө;
12) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
13) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
14) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнү уюштуруу;
15) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставда жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга.
29. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кандай болбосун иш чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузгандыгынын ага белгилүү фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) мамлекеттик башкаруу органы жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
4) Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акы төлөө жана сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
5) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
6) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
7) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө техникалык коопсуздуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директору бекиткен милдеттерге ылайык өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына же Ишкананын кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга да ээ.
6-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
38. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) директор, директордун орун басарлары;
2) башкы бухгалтер.
39. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерди аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар Ишкананын иши жөнүндө мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
40. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетекчилик курамына кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу, анын ичинде жоюлбаган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбачыл субъектте мурда жетекчилик кызмат ордун ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордуна турган мезгилде жеке жана ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышуу укугу жок.
7-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планын Ишкана үч жылдык мезгилге иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы бекитет.
43. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоону;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздемесин;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктердин талдоосун.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
46. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (эгерде болсо, ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу, экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
50. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
52. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
54. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.
55. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун жүзөгө ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле анын чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
58. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине аларга бекитилген таза пайданын өлчөмүнүн бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү жебөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
61. Ишкананы жоюуну жүргүзүүүчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарды алат.
62. Ишкананын ишинин процессиндекелип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.