Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-сентябры № 616
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча
координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| “Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы
Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү, Координациялык кеңештин катчысы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.”.