Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 43 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 11-сентябры ПЖ № 255
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
2-февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык
кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана антикоррупциялык механизмдерди киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу аяктаган мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин ким экендигин аныктайт.”;
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү аудио жазууну гана жүргүзүүгө жол берилет.
Аңгемелешүүлөрдү видео жана аудио жазуулар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматында белгиленген тартипте үч жыл бою сакталууга тийиш.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
“161. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.”;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Административдик бош кызмат ордуна дайындоо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен, же болбосо мыйзамдарга ылайык ротациялоо тартибинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Бош административдик кызмат ордуна дайындоо бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервин жана муктаждыктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыйла жакшы даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу жана кызмат боюнча көтөрүү, ошондой эле субъективдүүлүктү, кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо тартибин аныктоого укуктуу.
Мындай тартип кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделген талапкерди тандоо критерийлерин, анын бош кызмат ордуна карата бекитилген квалификациялык талаптарга шайкеш келишин, ошондой эле кадрлар резервинен дайындоонун ырааттуулугун кароого тийиш.
Бул Тартип мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен бекитилет, ал бекитилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын расмий веб-сайтына жайгаштырылат.”;
– 27-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу болгондо, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда;”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 69 (3725) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |