Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилди) |
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн
ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана
иштөөсүнүн тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2023-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 271, 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 70, 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 227, 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
3-глава. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
4-глава. Кадрлар резервинен чыгаруу тартиби
5-глава. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине (мындан ары - кадрлар резерви) киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Кадрлар резервинин максаты - административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу.
3. Кадрлар резерви мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.
4. Кадрлар резерви мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү түрдө түзүлөт.
Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүгүн жана штаттык санын эске алуу менен, мамлекеттик органдардын жетекчилери ведомстволук бөлүмдүн жетекчисине мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн өзүнчө кадрлар резервин түзүү укугун бере алышат. Мындай учурда мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери ушул Жободо мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн белгиленген функцияларды (ыйгарым укуктарды) ишке ашыра алышат.
2. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
5. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) ошол органда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
Мында өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет;
2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурска катышуучулардын документтерин мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келишин кароо;
- талапкерлерди мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда компьютердик тестирлөө;
- аңгемелешүү.
7. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс өткөрүү максатында ар бир мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) түзүлөт. Конкурстук комиссиянын курамы 9 адамдан ашпашы керек.
8. Мамлекеттик органдын конкурстук комиссиясынын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (адиси);
- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (болсо);
- жарандык коомдун өкүлү жана/же мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча).
Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (кадрдык ишти тейлеген), мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, персоналды башкаруу боюнча кызматынын жетекчиси саналат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарын (кадрдык ишти тейлеген), аппараттын жетекчисин, персоналды башкаруу боюнча кызматтын жетекчисин конкурстук комиссиянын төрагасы кылып аныктоо мүмкүн болбогон учурда - мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу башка кызмат адамы саналат.
Конкурстук комиссиянын катчысы болуп мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам саналат.
Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүндө конкурстук комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын жок болгон мүчөсүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын конкурстук комиссиясынын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет.
- облустук маанидеги шаардын мэриясында конкурс өткөрүүдө - Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү;
- райондук маанидеги шаардын мэриясында жана айыл өкмөтүндө конкурс өткөрүүдө - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү;
- персоналды башкаруу кызматынын өкүлү же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам (болсо);
- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (болсо);
- жарандык коомдун өкүлү жана/же мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча).
Конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен аныкталат.
Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдөрүндө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн тийиштүү конкурстук комиссияларды түзүүгө укуктуу. Ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдүн конкурстук комиссиясынын курамы, анын иштөөсүнүн тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын эске алуу менен жергиликтүү кеңештин конкурстук комиссиясынын курамына жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан аныкталуучу жергиликтүү кеңештин депутаты (депутаттары) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өкүлү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча комиссиянын катчысы катары) киргизилиши мүмкүн.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү акты чыгарылгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматчы өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жайгаштырат жана жарыянын текстин мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын ведомстволук веб-сайтына жайгаштыруу үчүн жиберет.
Эгерде мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына байланышпаган жагдайлар боюнча маалыматты ведомстволук веб-сайтка жайгаштыруу мүмкүн болбосо, анда аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга жол берилет.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана юридикалык дареги;
- кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси;
- документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.
Жарыя Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча маалыматты камтышы мүмкүн.
Конкурс зарылдыкка жараша өткөрүлөт. Мында ачык конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча кадрлар резервине киргизилген адамдардын саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ар бир административдик кызмат ордуна балансталган ыкманы эске алуу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын жалпы штаттык санынын 100 пайызынан ашпоого тийиш.
11. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу аяктаган мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин ким экендигин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- жогорку билим - мамлекеттик органдар үчүн; жогорку же болбосо орто кесиптик билим - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн;
- иш стажына талаптар коюлбайт;
2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
13. Документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ушул Жобого ылайык тапшырылган арыздардын жана документтердин негизинде комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга туура келери (же болбосо туура келбестиги) жана аларды компьютердик тестирлөөгө катыштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
14. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы документтерди карагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурстун катышуучуларын тестирлөөгө өтүнмө берет.
(Абзац КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 70 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. (КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 70 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
16. Аңгемелешүү конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн натыйжалары боюнча комиссия талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо жөнүндө же анын талапкерлигин четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди кадрлар резервинин курамына сунуштоого "макул" же "каршы" деген гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Талапкер добуштардын бирдей санына ээ болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын жыйналышы ага курамынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү аудио жазууну гана жүргүзүүгө жол берилет.
Аңгемелешүүлөрдү видео жана аудио жазуулар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматында белгиленген тартипте үч жыл бою сакталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
161. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
17. Комиссиянын чечимине (актысына) сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн адам 3 жумуш күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечиминин (актысынын) негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (же башка тескөөчү документ) менен кадрлар резервине киргизилет.
19. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган тандоо өткөрүү боюнча уюштуруу мүнөзүндөгү маселелер комиссия тарабынан аныкталат.
3. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
20. Административдик бош кызмат ордуна дайындоо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен, же болбосо мыйзамдарга ылайык ротациялоо тартибинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Бош административдик кызмат ордуна дайындоо бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервин жана муктаждыктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыйла жакшы даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу жана кызмат боюнча көтөрүү, ошондой эле субъективдүүлүктү, кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо тартибин аныктоого укуктуу.
Мындай тартип кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделген талапкерди тандоо критерийлерин, анын бош кызмат ордуна карата бекитилген квалификациялык талаптарга шайкеш келишин, ошондой эле кадрлар резервинен дайындоонун ырааттуулугун кароого тийиш.
Бул Тартип мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен бекитилет, ал бекитилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын расмий веб-сайтына жайгаштырылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар жетекчинин тийиштүү чечими (актысы) чыгарылбастан, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин алардын иш стажына туура келген тобуна (башкы, улук жана кенже) автоматтык түрдө киргизилген деп эсептелет.
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервинде турган адамдар административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат.
Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервинде турган адамдар административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервинде турган адамдар административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат.
Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалган, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар белгиленген тартипте кадрлар резервинин тиешелүү тобуна (башкы, улук жана кенже) киргизилгенден кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү топторунда административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. Органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адам жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин анын иш стажына туура келген тобуна (башкы, улук жана кенже) киргизилет. Бул арыз жумуштан бошотуу жөнүндө чечим менен таанышкандан кийин үч айдан кечиктирбестен берилиши керек. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси арыз берилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде бул адамды кадрлар резервине киргизүү жөнүндө тийиштүү чечим (акт) чыгарат.
23. Ачык конкурстук тандоодон өткөн адамдар жана органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар үчүн кадрлар резервинде туруу мөөнөтү кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып 3 жылды түзөт.
24. Министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун райондук деңгээлдеги аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна дайындоо (мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык бөлүмүн/түзүмүн кошпогондо) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары - аким) тарабынан төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
- бош орун пайда болгон күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун жетекчиси тийиштүү мамлекеттик органдын (министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен квалификациялык талаптарга ылайык келген 2ден кем эмес талапкерди акимге сунуштайт;
- аким сунушту алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирөөсүн кызмат ордуна дайындоо жөнүндө тийиштүү акт чыгарат же болбосо сунушталган талапкерлерден баш тартып, талапкерлерден баш тартуунун негиздүү себептерин чагылдырган катты аталган талапкерлерди сунуштаган мамлекеттик органдын жетекчисине жөнөтөт;
- мамлекеттик органдын жетекчиси талапкерлерден баш тартуу жөнүндө акимден кат алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде (талапкерлер болгондо) тийиштүү мамлекеттик органдын кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен квалификациялык талаптарга ылайык келген башка талапкерди (2ден көп эмес) кайрадан сунуштайт;
- кадрлар резервинде башка талапкерлер жок болгон учурда мамлекеттик органдын жетекчиси мурда берилген талапкерлерди киргизүүгө укуктуу;
- талапкерлер кайрадан киргизилген учурда аким кайрадан сунушталган талапкерлердин бирөөсүн сунуш алган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде дайындайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. Министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун шаардык бөлүмүнүн (мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык бөлүмүн/түзүмүн кошпогондо) жетекчисинин административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна дайындоо шаардын мэри тарабынан төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
- бош орун пайда болгон күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун жетекчиси тийиштүү мамлекеттик органдын (министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен квалификациялык талаптарга ылайык келген 2ден кем эмес талапкерди шаардын мэрине сунуштайт;
- шаардын мэри сунушту алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирөөсүн кызмат ордуна дайындоо жөнүндө тийиштүү акт чыгарат же болбосо сунушталган талапкерлерден баш тартып, талапкерлерден баш тартуунун негиздүү себептерин чагылдырган катты аталган талапкерлерди сунуштаган мамлекеттик органдын жетекчисине жөнөтөт;
- мамлекеттик органдын жетекчиси талапкерлерден баш тартуу жөнүндө шаардын мэринен кат алгандан кийип 3 жумуш күндүн ичинде (талапкерлер болгондо) тийиштүү мамлекеттик органдын кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен квалификациялык талаптарга ылайык келген башка талапкерди (2ден көп эмес) кайрадан сунуштайт;
- кадрлар резервинде башка талапкерлер жок болгон учурда мамлекеттик органдын жетекчиси мурда берилген талапкерлерди киргизүүгө укуктуу;
- талапкерлер кайрадан киргизилген учурда мэр кайрадан сунушталган талапкерлердин бирөөсүн сунуш алган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде дайындайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
26. Ушул Жободо белгиленген сунуш берүү жана дайындоо мөөнөттөрүн сактабоо, эгерде мөөнөт мамлекеттик органга/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына байланышпаган жүйөөлүү себептер боюнча бузулса, эреже бузуу болуп эсептелбейт.
4. Кадрлар резервинен чыгаруу тартиби
27. Кадрлар резервинде турган адам анын курамынан төмөнкү учурларда чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу болгондо, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда;
- мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында бул мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 3 жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотууда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары, ошол мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине 1 жылга киргизилет;
- кадрлар резервинде туруу мөөнөтү аяктаганда;
- кадрлар резервинен чыгуу жөнүндө өз арызын бергенде;
- бош административдик кызмат орундарын ээлөөдөн эки жолудан көп баш тартканда.
- ал тиешелүү бош административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлегенде;
- белгиленген талаптарга ылайык келбөө фактысы аныкталганда же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтар берилгенде;
- адам каза болгон учурда.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173, 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 255 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
28. Кадрлар резервинин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин тиешелүү актысы менен таризделет.
5. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби
(Глава
КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
29. Тестирлөө тестирлөөнүн катышуучуларынын кесиптик даярдыгын, квалификациясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билишин объективдүү жана ачык баалоо максатында жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
30. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды санап чыгуунун, тесттин мазмунунун стандарттуулугу менен камсыз кылынат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Тестирлөө компьютерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
32. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдө тесттердин үч түрү колдонулат: негизги тест, предметтик тест жана талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн тестирлөө, алар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин жеке сапаттарын жана кесиптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн ар кандай методдорду жана инструменттерди (логикалык тест, мультипсихометр) колдоно алат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
33. Негизги тест Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары боюнча жалпы билимин баалоону камтыйт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
34. Предметтик тесттер катышуучулардын атайын багыттагы билим деңгээлин аныктоо үчүн тапшырмаларды камтыйт. Тесттердин ушул түрү боюнча тестирлөө кызмат орундардын топторуна, иш чөйрөсүнө жана атайын билимине коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
35. Негизги тестти жана предметтик тестти өтүүдө баллдын жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлерге кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына катышууга уруксат берилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлерге аңгемелешүүгө катышууга уруксат берилет.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына өткөрүп берилет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
36. Тесттин суроолорун иштеп чыгуу, түзүү жана жаңылоо тиешелүү адистерди тартуу менен мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
37. Тесттеги суроолордун саны, алардын татаалдык даражасы, туура жоопторду баалоо методикасы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
38. Тестирлөөнү уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы ПЖ N 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)