Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24 сентябрындагы № 830-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын бюджетинин “жашыл”
чыгымдарын маркалоо боюнча убактылуу колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо боюнча колдонмо (мындан ары – Колдонмо) климат жана айлана-чөйрө жаатында улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чараларды каржылоого багытталган бюджеттин “жашыл” чыгымдарын аныктоо жана көзөмөлдөө максатында иштелип чыккан.
2. Бул Колдонмонун максаты климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга (мындан ары – КӨКЖ), климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого (мындан ары – КӨА) жана айлана-чөйрөнү коргоого (мындан ары – АЧК) республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды көзөмөлдөө үчүн бюджеттин “жашыл” чыгымдарын идентификациялоо, классификациялоо, маркалоо, сапатын контролдоо, талдоо жана алар жөнүндө отчетторду түзүү эрежелерин жана жол-жоболорун аныктоо болуп саналат.
3. Бул Колдонмо республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик каражаттардын бардык башкы тескөөчүлөрү (мындан ары – БКБТ) үчүн арналган. Колдонмодо бюджеттин “жашыл” чыгымдары жөнүндө маалыматтарды маркалоо жана берүү, ошондой эле бул маалыматтарды берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун милдеттери аныкталган жана такталган.
4. Бул Колдонмо программалык негизде бюджеттөөнүн алкагында берилүүчү документтерге кошумча бюджеттин “жашыл” чыгымдары жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилейт.
5. Бул Колдонмодо колдонулган негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:
1) “жашыл” чыгымдар – бул Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиялык жана программалык документтеринде аныкталган КӨКЖ, КӨА жана АЧК боюнча чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттин каражаттары. “Жашыл” чыгымдардын негизги мүнөздөмөсү болуп алардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуу төмөн көмүртек экономикага өтүү жөндөмдүүлүгү саналат;
2) КӨКЖга чыгымдар – бул парник газдарынын (мындан ары – ПГ) бөлүп чыгарылышын кыскартууга же болтурбоого багытталган иш-чараларга “жашыл” чыгымдар. Жумшартуунун максаты – келечектеги глобалдык жылуулуктун масштабын чектөө. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча иш-чаралар төмөнкүлөргө жөндөм түзөт:
- ПГнын антропогендик бөлүп чыгарууларын чектөөгө;
- ПГ сиңиргичтерин жана топтогучтарын коргоого жана/же көбөйтүүгө;
- институционалдык курулуш, потенциалды өнүктүрүү, ченемдик укуктук базаны жана саясатты бекемдөө же изилдөө жүргүзүү аркылуу климаттын өзгөрүү көйгөйлөрүн улуттук, аймактык жана/же тармактык максаттар менен интеграциялоого;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын алкагында өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын күч-аракеттерин колдоого;
3) КӨАга чыгымдар – бул климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы Париж макулдашуусунун үч глобалдык максаттарынын бирин ишке ашырууга багытталган чараларга “жашыл” чыгымдар (7-берене):
- адаптациялык потенциалды күчөтүү;
- климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине туруктуулукту жогорулатуу;
- адамдын жана жаратылыш системаларынын бул таасирлердин кесепеттерине аярлуулугун азайтуу.
КӨА маалымат жана билим алуудан тартып потенциалды өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды пландоого жана ишке ашырууга чейинки бир катар иш-чараларды камтыйт;
4) АЧКга чыгымдар – бул айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык объекттер жана ресурстар (аба, суу, топурак, мөңгү, башка экологиялык ресурстар, жаратылыш жана биологиялык ар түрдүүлүк) менен байланышкан чараларды ишке ашырууга, адамдын ден соолугун жана жаратылыш системаларын булгануунун терс таасиринен (анын ичинде иондоштуруучу жана иондоштурулбаган нурлануу) коргоого жана экологиялык жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоого багытталган “жашыл” чыгымдар;
5) бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо (мындан ары – БЖЧМ) – бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жетектеген мамлекеттик “жашыл” чыгымдарды идентификациялоо, өлчөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн “жашыл” маркалоону аныктоо жана колдонуу процесси. БКБТнын программалык негизинде бюджеттердеги бюджеттик чараларды аныктоо аркылуу БЖЧМ ишке ашырылат, алар КӨКЖ, КӨА, АЧК боюнча милдеттерди ишке ашырууга толук же жарым-жартылай көмөк көрсөтөт. Мындай бюджеттик чараларга конкреттүү бюджеттик чаранын алкагында “жашыл” чыгымдарды эсептөө үчүн колдонулуучу тиешелүү салыштырма салмактары менен КӨКЖ, КӨА, АЧК “жашыл” маркеринин бири же бир нечеси ыйгарылат;
6) БЖЧМ классификациясы – бул бюджеттин чыгымдарын саясаттын белгилүү бир артыкчылыгына байланыштырууга мүмкүндүк берген стандартташтырылган система. “Жашыл” чыгымдарды классификациялоо үчүн республикалык бюджетте маркерлердин төмөнкүдөй үч категориясы пайдаланылат: 1) КӨКЖ; 2) КӨА; 3) АЧК;
7) “жашыл” чыгымдардын салыштырма салмагы – бул “жашыл” маркалоону алган бюджеттик ченемдеги “жашыл” чыгымдардын үлүшү (пайыз менен), башкача айтканда климатка жана айлана-чөйрөгө иш жүзүндөгү чыгымдар. “Жашыл” чыгымдардын салыштырма салмагын аныктоо зарыл, анткени “жашыл” чыгымдар конкреттүү бюджеттик чара боюнча чыгымдардын бир бөлүгү гана болуп жана бюджеттик чаранын алкагындагы айрым иш чараларга болгон чыгымдарды чагылдырышы мүмкүн;
8) потенциалдуу “жашыл” чыгымдар – бул “потенциалдуу” салыштырма салмагы берилген чаралар, анткени аларга башка салыштырма салмакты берүү үчүн жетиштүү маалымат жок. Мындай чаралар КӨКЖ, КӨА, АЧК кеткен чыгымдарды эсептөөдө эске алынбайт.
2. Бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо процесси
6. Бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо процесси программалык негизде бюджетти жана Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын (мындан ары – БЧОС) иштеп чыгуунун бир бөлүгү болуп саналат. БКБТ “жашыл” чыгымдар жөнүндө кошумча маалыматты Финансы министрлигине БЧОСтун долбоору жана программалык негиздеги бюджеттин долбоору менен бирге берет.
7. Бул процесс маркерлерди ыйгарууну, сапатты камсыздоону, талдоону жана отчеттуулукту камтыйт:
1) маркерлерди ыйгаруу: иш-чаралардын жана бюджеттик чаралардын деңгээлинде программалык негизде бюджетте “жашыл” чыгымдарды аныктоо, аларды маркерлердин категориялары боюнча классификациялоо (КӨКЖ, КӨА, АЧК) чыгымдарды эсептөө үчүн “жашыл” максаттарга жетүүгө чаралардын салымынын даражасын чагылдыруучу маанилүүлүктүн салыштырма салмагын аныктоо. Бул иш-аракет БЧОСту иштеп чыгуунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылат, андан кийин маркерлер жана маанилүүлүктүн салыштырма салмагы БКБТ программалык бюджетинин долбоорун түзүүдө колдонулат;
2) сапатты камсыздоо: ар бир БКБТнын деңгээлинде программалык негизде БЧОС жана бюджеттерди даярдоо боюнча жумушчу топтордун жыйналыштарында жана өткөрүлүүчү коомдук угууларда классификацияларды жана маанилүүлүктүн салыштырма салмагын талкуулоо, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары – ЖРЭТКМ) менен климаттык жана экологиялык классификацияларды жана салыштырма салмактарды талкуулоо, бюджеттик программалардын паспортторуна[1] маркалоону негиздөөчү маалыматтарды киргизүү;
3) талдоо жана отчеттуулук: ФМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталуучу бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катты бюджетти даярдоонун жүрүшүндө ФМ тарабынан консолидацияланган “жашыл” чыгымдар жөнүндө маалымат менен толуктоо. БКБТ тарабынан берилүүчү “Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду берүү тартибинде”[2] аныкталган отчеттуулуктун стандарттык формалары “жашыл” чыгымдарды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтар менен толукталат. ФМ “жашыл” чыгымдардын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө маалыматты топтоп, аны республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө катта берет. Бул маалымат жарандык бюджетке да киргизилет. Мындан тышкары, бул маалымат талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ЖРЭТКМ, Экономика жана коммерция министрлигине (мындан ары – ЭКМ) жана Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешке (мындан ары – ЭКӨЖЭӨКК) жөнөтүлөт. БКБТ чечимдерди кабыл алуу үчүн “жашыл” чыгымдардын иш жүзүндө аткарылышына талдоо жүргүзөт.
8. БЧОСту түзүүчү БКБТ үчүн бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо процесси маркерлерди баштапкы ыйгаруудан башталат. БЧОСту түзүү этабында, БКБТ программалык негизде өз бюджеттеринде “жашыл” бюджеттик чараларды аныктайт. “Жашыл” чыгымдарды камтыган чаралар категория боюнча, б.а. КӨКЖ, КӨА, АЧК чаралары катары классификацияланат. Бир чара көрсөтүлгөн категориялардын бир нечесине тиешелүү болушу мүмкүн экендигин белгилөө зарыл. Бюджеттик чараларды классификациялагандан кийин маанилүүлүктүн салыштырма салмагы аныкталат. Салыштырма салмактарды классификациялоо жана ыйгаруу ушул Колдонмонун тиешелүү бөлүгүндө берилген.
9. БЧОСту даярдоодо сапатты камсыз кылуунун алкагында БКБТ коомдук талкуулардын жана жумушчу топтордун жыйналыштарынын жүрүшүндө, алар сунуш кылган классификацияларды жана бюджеттик чаралардын маанилүүлүгүнүн салыштырма салмагын көрсөтөт. Консультацияларды алуу үчүн мындай талкууларга ЖРЭТКМ өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. ЖРЭТКМга ошондой эле тиешелүү маселелер боюнча (мисалы, маанилүүлүктүн салыштырма салмагын аныктоо, классификациялоо жана/же ыйгаруу) консультация алуу үчүн кайрылууга болот.
10. Маркерлер ыйгарылгандан жана андан ары БЧОСту түзүүчү БКБТнын сапатын контролдоодон кийин аларды программалык негизде бюджеттерди түзүүдө жана талкуулоодо колдонот. Бул этапта, маркалоо программалык бюджетте бюджеттик чараларга колдонулат жана “жашыл” чыгымдар эсептелет. Зарыл болгондо, бул этапта, классификация жана маанилүүлүктүн салыштырма салмагы кайра каралышы мүмкүн, бирок, адатта, БЧОСту даярдоодо ыйгарылган маркалоо калат.
11. БЧОСту көрсөтпөгөн БКБТ тиешелүү категориялар боюнча “жашыл” бюджеттик чараларды аныктоо жана классификациялоо аркылуу программалык негизде бюджеттерди түзүү учурунда процессти баштайт. Бюджеттик чараларды классификациялагандан кийин маанилүүлүктүн салыштырма салмагы аныкталат. Салыштырма салмактарды классификациялоо жана ыйгаруу ушул Колдонмонун 4-бөлүмүндө берилген.
12. Программалык негизде бюджеттин долбоорун даярдоодо сапатты камсыз кылуунун алкагында БКБТ коомдук талкуулардын жана жумушчу топтордун жыйналыштарынын жүрүшүндө классификацияны, маанилүүлүктүн салыштырма салмагын жана “жашыл” чыгымдардын эсептерин талкуулашат. Консультацияларды алуу үчүн мындай талкууларга ЖРЭТКМдин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
13. БКБТ ушул Колдонмонун 1 жана 2-тиркемелеринде берилген формалар боюнча бюджетти “жашыл” маркалоо жөнүндө маалыматты ФМге БКБТ программалык негиздеги бюджеттин долбоору менен бирге берет. Андан ары ФМ берилген документти ушул Колдонмонун 5-тиркемесине ылайык ушул Колдонмонун талаптарына шайкештигин карайт. Кемчиликтер табылган учурда ФМ БКБТ документин толуктап иштеп чыгууга кайтарып берет. Сын пикирлер жана сунуштар болгон учурда БКБТ “жашыл” чыгымдар жөнүндө маалыматты 3 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана аны ФМге кайрадан берет.
14. ФМ бардык БКБТдан алынган КӨКЖ, КӨА, АЧК боюнча чыгымдар жөнүндө маалыматты консолидациялайт жана КӨКЖ, КӨА, АЧК боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди андан ары аткаруу боюнча чечимдер менен таанышуу жана кабыл алуу үчүн республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна түшүндүрмө катта берет.
15. “Жашыл” чыгымдардын категориялары боюнча чыгымдар жөнүндө маалымат бюджетти пландоо жана бекитүү этабында жарандык бюджетке киргизилет.
16. Жылдын жыйынтыгы боюнча БКБТ ушул Колдонмонун 3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча КӨКЖ, КӨА, АЧК кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө маалыматты түзөт. Эгерде бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө БКБТ бюджетине жаңы бюджеттик программа же иш-чара кошулса, БКБТ бул программаны же иш-чараны ушул Колдонмонун 4-бөлүмүндө баяндалган тартипке ылайык белгилейт жана ушул Колдонмонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча зарыл негиздемени берет. БКБТ мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө мониторинг жана бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетко кошумча “жашыл” чыгымдардын иш жүзүндө аткарылышы жөнүндө ФМга маалымат берет[3]. Мындан тышкары, БКБТ бул маалыматты БКБТнын бюджетин кийинки жылдарга пландоону жакшыртуу үчүн пайдаланат.
17. ФМ КӨКЖ, КӨА, АЧКга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө маалыматты консолидациялайт жана аны тиешелүү жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө катта берет.
18. ФМ экологиялык жана климаттык максаттарга жетүүгө, улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө талдоо жана пайдалануу үчүн, ошондой эле КӨКЖ, КӨА, АЧК боюнча чараларды каржылоону көбөйтүүгө багытталган “жашыл” финансылык шаймандарды иштеп чыгууда жана жайылтууда пайдалануу үчүн иш жүзүндөгү “жашыл” чыгымдар жөнүндө маалыматты ЖРЭТКМга, ЭКМга жана ЭКӨЖЭӨККга жиберет.
19. КӨКЖ, КӨА, АЧКга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто жарандык бюджетке дагы киргизилет.
20. 1-таблицада бюджеттин “жашыл” чыгымдарын маркалоо процессинде министрликтердин жана ведомстволордун функциялары кыскача баяндалган. 2-таблицада бюджеттик процесске “жашыл” чыгымдарды маркалоону интеграциялоо жөнүндө маалымат берилген.