Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-сентябры № 830-т
Бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо системасын киргизүү жана экология жана климат менен байланышкан маселелерди жана проблемаларды чечүүгө мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын бюджетинин "жашыл" чыгымдарын маркалоо боюнча убактылуу колдонмо 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2027-жылдарга бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоону киргизүү боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо боюнча пилоттук долбоорунун экинчи этабынын катышуучулары катары төмөнкү мамлекеттик органдар аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр);
4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
5) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
3. Пилоттук долбоорго тартылган мамлекеттик органдар:
1) Жол картасында каралган иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Убактылуу колдонмого ылайык бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоону жүзөгө ашырсын;
3) пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "жашыл" чыгымдарды маркалоо процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашырууну координацияласын;
2) Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешине Жол картасынын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө ар жылдык жыйынтыкталган маалыматты берүүнү камсыз кылсын;
3) зарыл болгон учурда ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу колдонмону пилоттук долбоордун жыйынтыктарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана аны жаңылоону камсыз кылсын.
5. Жол картасында каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Жол картасынын иш-чараларын каржылоо тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте мамлекеттик органдарга каралган бюджеттик ассигнованиелердин чегинде, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп аныкталсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2025-2027-жылдарга бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоону киргизүү боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Мамлекеттик финансыны башкаруу стратегиясындагы бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоонун артыкчылыгы | 2026-2030-жылдарга Мамлекеттик финансыны башкаруу стратегиясына бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоону киргизүү | 2025-ж. сентябрь - ноябры | Бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо финансыларды башкаруунун негизги стратегиялык документтерине киргизилди | Финансы министрлиги |
2 | Пилоттук долбоордун экинчи этабын өткөрүү | 2026-жылга чыгымдарды маркалоо (консультациялар, талдоо, отчеттуулук) | 2025-ж. августу - 2026-ж. майы | Пилоттук министрликтердин "жашыл" чыгымдары маркаланды, "жашыл" чыгымдар боюнча отчеттуулук түзүлдү | Финансы министрлиги, катышуучу министрликтер |
3 | Маркалоону IT-системага интеграциялоо | "Казына. Бюджет" маалыматтык системасын модернизациялоо, маркалоо модулун ишке киргизүү | 2026-ж. январына чейин | "Казына. Бюджет" маалыматтык системасында бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо функционалы иштелип чыкты | Финансы министрлиги |
4 | Бюджеттин "жашыл" чыгымдарын институционалдаштыруу, камтууну кеңейтүү жана маркалоо | 2027-финансылык жылга чыгымдарды маркалоо, жыйынтыктоочу колдонмону даярдоо | 2026-ж. июну - 2027-ж. майы | Колдонмо жеткире иштелип чыкты, "жашыл" чыгымдар боюнча отчеттуулук түзүлдү | Финансы министрлиги, катышуучу министрликтер жана ведомстволор |
5 | Министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | Финансы министрлигинин Финансы академиясынын базасында окуу программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-ж. июлу - 2027-ж. январы | Финансы министрлигинин Финансы академиясынын окуу планына "жашыл" чыгымдарды маркалоо боюнча курс киргизилди, тренерлерди окутуу жүргүзүлдү | Финансы министрлиги, Финансы министрлигинин Финансы академиясы |
6 | Методологиянын өнүгүшүнө жараша маалыматтык системаны актуалдаштыруу | Маалыматтык системанын функционалын бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо боюнча колдонмого шайкеш келтирүү | зарылдыгына жараша | Бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо жөнүндө отчеттор маалыматтык системада автоматтык түрдө түзүлөт | Финансы министрлиги |