Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №29
«Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону бекитүү боюнча »
Токтогул шаарынын аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүнү тандоо боюнча конкурстарды даярдоону, уюштурууну жана өткөрүү тартибин белгилөө максатында, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманова 28.01.2025-жылдагы № 01-18/159 сунушу менен шаар аймагында “Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону” бекитип берүү боюнча кайрылган.
07.03.2025-жылы аталган Жобо “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясы жыйналышында каралып, жыйынтыгы жалпы сессиянын кароосуна сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын аймагында “Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону” бекитүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаарынын мэрине ( Д.Максутбаев) тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |