Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 20-майындагы № 357
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-октябры № 633
Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун
Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу
тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "ДТ Техник" жоопкерчилиги чектелген коому (ИСН 02811201210064), "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому (ИСН 01709202111559), "Жису" Кытай-Кыргыз биргелешкен автомобиль өндүрүштүк компаниясы" (ИСН 02902202410382), "Шунфа" (ИСН 01706201610209), "Мурат Авто" (ИСН 01010202410378), "Кыргыз Унаа Курулуш" (ИСН 01202201810079), "Меридиан Голд" (ИСН 01812201710299) жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан ташып келинүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана чогултуу үчүн багытталган автотранспорт каражаттарынын кузовдорун кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 8707 10 900 0 коду менен классификациялануучу автотранспорт каражаттарынын кузовдорун бул токтом күчүнө киргенден кийин үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына бул токтомдун 1-пунктуна ылайык автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 121 "Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |